Кулжа айынын 9да Кытайда ШКУ XVIII саммити башталат

Кулжа айынын 9да Кытайда ШКУ XVIII саммити башталат

Кулжа айынын тогузунда Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун 18-саммити башталат. Ага Кытай лидери Си Цзиньпин төрагалык кылат. Саммиттин натыйжасында «Циндао декларациясына» кол коюлушу күтүлүүдө. Ошондой эле коопсуздук, соода-экономикалык кызматташтык жана гуманитардык байланыш тармактарындагы 10 документ макулдашылат. Кытайдагы Казакстан элчиси, саммит Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгына оң таасирин тийгизет деген ойдо.

ШАХРАТ НУРЫШЕВ, КЫТАЙДАГЫ КАЗАКСТАН ЭЛЧИСИ:

- Циндаодогу саммит ийгиликтүү өтөт деген ойдомун. Анткени азыркы тапта Кытайдын төрагалыгы өтө жигердүү жүргүзүлүп жатат. Көптөгөн иш-чаралар уюштурулууда. Муну менен кошо саммит алкагында бир катар документтерге  кол коюлушу көздөлүп жатат. «Циндао декларациясы» негизги документ болот. Анда катышуучу мамлекеттердин  өнөктөштүгүнүн багыттары көрсөтүлөт. Ошондой эле, ар түрдүү эл аралык жана аймактык маселелер боюнча олуттуу кадамдар аныкталат. Ошондуктан мунун баары эффективдүү натыйжа берет деп эсептеймин.

Дүйнөлүк жалпы ички дүң өнүмдүн 20 пайызы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөргө тиешелүү. Бул уюмдун ишмердүүлүгүндө акырындык менен экономикалык өсүшкө алып келет. Өнөр-жай, өндүрүш, илимий-техника багыттарында уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда тыгыз байланыш орногон. Жыл сайын  электрондуу соода боюнча өнөктөштүк бекемделип  жатат.

ЛИ СИНЬ, ШАНХАЙ ЭЛ АРАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР АКАДЕМИЯ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- ШКУнун алкагында экономикалык кызматташтык жогорку деңгээлде. Кытай менен уюмга мүчө башка өлкөлөр ортосундагы өз ара товар жүгүртүүсү 200 млрд доллардан ашты. Бул өлкөлөргө Кытай тараптан багытталган инвестициянын  жалпы көлөмү 80 млрд долларга жетидөө. Акыркы учурларда электрондуу сооданы биргеликте өнүктүрүүгө маани берилип жатат.

Жыйырма жылга жакын убакыт ичинде ШКУга мүчө өлкөлөр арасында маданият, билим, курчаган чөйрөнү коргоо, туризм жана ММК тармактарындагы кызматташтык бекемдеген. Алдыдагы убакытта  уюм гуманитардык байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурат.