Казакстан менен Улуу Британия кызматташтыгына 26 жыл толду. Эки жактуу шериктештиктин натыйжасы менен Казакстандын Улуу Британиядагы элчиси Ерлан Ыдырысов бөлүштү. Анын айтымында, 26 жыл ичинде өлкөлөр экономика, билим берүү жана маданият тармактарындагы байланыштарды болушунча бекемдешти. Азыркы тапта  Улуу Британия Казакстандын 10 негизги соода өнөктөштөрүнүн катарында. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Улуу Британия Казакстанга  25 млрд доллардан ашуун инвестиция кылган. Британдык компаниялар үчүн мунай-газ, тоо-кен тармактары пайдалуу болуп жатат. Ерлан Ыдырысов, мындай секторлордун катарына каржы, санариптештирүү жана айыл чарбачылыгы да кирет, дейт. Быйыл эки жактуу байланышты бекемдөөгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү каралган.

ЕРЛАН ЫДЫРЫСОВ, КАЗАКСТАНДЫН УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Быйыл биз онунчу айда ири бизнес форум өткөрүүнү көздөп жатабыз. Ишкерлик кеңеш менен өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отурумун да уюштуруу планда бар. Расмий түрдө ишке кошулган соң теке айында Лондондо «Астана» эл аралык каржы борборун тааныштыруу өтөт. Бул хабга чет өлкөлүк катышуучуларды тартуу  максатында жасалат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии