Кулжа айынын тогузу-онунда Кытайдын чыгышында жайгашкан Циндао портунда ШКУнун 18-саммити өтөт. Казакстан 2001-жылы аталган уюмдун түптөлүшүнө себепкер болгон. Эл аралык серепчилердин ою боюнча, бул Нурсултан Назарбаевдин эң олуттуу демилгелеринин бири. Азыркы тапта эл аралык бирикме өзүн аймак аралык саясий, аскерий, маданий жана билим тармактарында кызматташтыкты өзүнө камтыган, маанилүү механизм катары көрсөтүп келе жатат.

ШАХРАТ НУРЫШЕВ, КАЗАКСТАНДЫН КЭРдеги ЭЛЧИСИ:

- ШКУнун өткөн 17 жылдык ишмердүүлүгүнүн эң башкы жетишкендиги деп Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту орнотконун айтсак болот. Биз ШКУну бул уюмга мүчө болгон өлкөлөрдүн гүлдөп-өнүгүүсүнө өбөлгө болгон,  кызматташтыктын эң мыкты үлгүсү деп атап кете алабыз.

СУНЬ ЧЖУАНЧЖИ, ОРУСИЯ, ЧЫГЫШ ЕВРОПА ЖАНА БОРБОР АЗИЯ ИНСТИТУТУНУН, КЫТАЙДАГЫ КООМДУК АКАДЕМИЯНЫН МҮДҮРҮ:

- ШКУнун өнүгүшүнүн алгачкы этаптарында  коопсуздук тармагында кызматташуу өбөлгө болгон. Биз мурдагыдай эле Борбор Азияга коркунуч жаратып келе жаткан экстремизм, терроризм жана сепаратизм менен күрөшүп келе жатабыз. ШКУ террорду жалпы мамлекеттер үчүн эң коркунучтуу күч экендигин айткан алгачкы эл аралык уюм деп айта алабыз.

Башынан баштап ШКУнун курамына Казакстан, Кытай, Орусия, Кыргызстан, Тажикстан менен Өзбекстан өлкөлөрү мүчө. Өткөн жылы Астанада өткөн саммитте Шанхай “алтылыгы” “сегиздикке” айланган. Индия жана Пакистан уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп кирген. Азыркы тапта ШКУ Еразиянын 60 пайызын жана планета калкынын жарымын өзүнө камтыган  ири аймактык уюм. ШКУга мүчө болгон өлкөлөргө дүйнөлүк ИДӨнүн 20 пайызы көз каранды. Уюмга мүчө болгон өлкөлөр менен БУУнун 4 байкоочу мамлекет жана башка эл аралык уюмдардын ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттары Циндаода өтө турган саммите каралат. Аталган саммитке КЭРдин лидери Си Цзиньпин төрагалык кылат.

ЧЖАН ЦЗЯНЬТИН, ЦИНДАО ШААРЫНЫН ПАРТИЯЛЫК КОМИТЕТИНИН КАТЧЫСЫ:

-Биз соода жана бизнес тармагындагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн бир нече иш-чараларды өткөрүүгө камынып жатабыз. Алардын катрында ШКУ өлкөлөрүнүн экспорттук товарларынын көргөзмөсү бар. Ошондой эле биз Циндаодо соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш алып бара турган башкы борбор түзүнүү мерчемдедик. Мындан башка “Бир кур, бир жол” демилгесин бардык тармактар боюнча жакшыртуу үчүн комплекстүү мерчемди даярдап жатабыз.  Аталган мерчем Борбор Азия менен абдан бат өнүгүп жаткан Түштүк Азиянын ортосунда соода жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталат.

Саммиттин жыйынтыгында беш жылдык программа боюнча достукту, ынтымакташтыкты жана жакынкы 3 жылда биргеликте “3 коркунуч күчү” менен күрошүүгө багытталган “Циндао декларациясын” кабыл алуу каралып жатат.

ВАН И, КЭРдин ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- “3 коркунуч күч”, бангитрафик жана киберкылмыштуулук биздин негизги жумуштарыбыздын бири. Бул багыттар Циндао саммитинде да талкууланат. Ошондой эле аталган саммитте ШКУга мүчө өлкөлөрүнүн лидерлери менен аймактык жана эл аралык коопсуздук, тобокелчиликтер жана чакырыктарды чечүүгө багытталган күчтөр, ошондой эле эл аралык кызматташтыктын тажрыйбасын байытууга багытталган маселелер боюнча да кеп козголот.

Белгилей кетсек, Кытай ШКУга Индия менен Пакистан мүчө болгондон кийин саммитти өз өлкөсүндө өткөргөн мамлекет болот. Кытайлык серепчилердин айтымы боюнча, Циндаодогу саммит жалпы мамлекеттердин өсүп-өнүүгүсүндөгү дагы бир кадам болот.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии