Астана экономикалык форуму дүйнөнүн назарында. Балтика-Казакстан экономикалык өнүктүрүү Ассоциациясынын башчысы Александр Видякин маанилүү иш-чара тууралуу өз ою менен бөлүштү. Анын айтымында, форум экономикалык өнүгүүнүн  азыркы тенденциялары менен көйгөлөрү жана дүйнөлүк кызматташтык маселелери талкуулана турчу ааламдык маанилүү аянтка айланды.

АЛЕКСАНДР ВИДЯКИН, БАЛТИКА-КАЗАКСТАН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Астана экономикалык форуму Европада зор абройго ээ. Биз азыр ошол аянтта сунушталган күн тартибин изилдеп жатабыз. Алардын катарында каржы рыногундагы жаңылыктар, экономиканы санариптештирүү жана жаңы технологиялар бар. Казакстан жылдан-жылга өзүнө ааламдын көңүлүн буруп келе жатат. Бул инвестор тартуунун бир жолу. Себеби, ишкер өлкөгө акча салаарда алды менен келечегине көңүл бурат. Казак өлкөсү мындай иш-чараларды өткөрүү аркылуу өзүнүн алдына 5 же 10 жыл эле эмес, 50 жылга максат койгонунун далилдеп турат.

Форумда Казакстан Президенти дүйнөлүк өнүгүүнүн 5 мегатрендин атаган. Өзбекстан саясатчылары аталган беш тармак дүйнөнү ааламдык озгөрүштөрдөн сактап гана койбостон, өлкөлөрдүн өнүгүү тенденциясын жакшыртат деген пикирде. Анткени ар бир мамлекет ааламдык трансформация шартына өтүүгө даяр болушу керек. Калктын  санариптик сабаттуулугу робот технологиясын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берсе, IT технологиясы өндүрүштү жогорулатат, дешет серепчилер.

РАСУЛ КУШЕРБАЕВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОИЛИЙ МАЖЛИСИНИН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ПАЛАТАСЫНЫН ДЕПУТАТЫ:

- Астана экономикалык форумунда Нурсултан Назарбаевдин жарыялаган 5 мегатренди дүйнөлүк өнүгүүнүн негизги  механизми деп ойлойм. Мунун ичинде санариптештирүү тенденциясы заман талабы деп айтсак болот. Себеби, бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзүндө экономикалык секторлордо санариптештирүү көрсөткүчү жогорулап жатат. Санариптүү кызматтын өнүгүшү калк үчүн көп пайда алып келет. Ал эми урбанизация мегаполис доорунун башаты.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии