АЭФ 2018: Ааламдык эмгек рыногун трансформациялоо планетанын маанилүү мегатренддеринен

АЭФ 2018: Ааламдык эмгек рыногун трансформациялоо планетанын маанилүү мегатренддеринен

Ааламдык эмгек рыногун трансформациялоо планетанын маанилүү мегатренддеринен. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Астана экономикалык форумунда  айткан. Нурсултан Назарбаев жөн эле билим берүү менен чектелбестен креативдүү ойлонуу, керектүү маалыматты табуу жана аны колдоно билүүнү да өздөштүрүү керектигин белгилеген. 80 жылдык тарыхы бар BottishamVillage College окуучуда кандай инсан жаткандыгын аныктоого аракет кылууда. Бул жерде заманбап адам баласы өз жашоосунда бир канча кесипти алмаштырып, ар дайым өз билимин жогорулатып турууга даяр болууга тийиш экенине ынанышат. Бир канча жылдардан бери колледждин мугалимдери казакстандык кесиптештери менен лидерлерди тарбиялоо тажрыйбасынан бөлүшүп келишет.

ДЖЕННИРЕНКИН, BOTTISHAM VILLAGE COLLEGE МҮДҮРҮ:

- Казакстандык мыкты долбоорго британдык “Супер мектеп” долбоору жана Кембридж университети катышкан. Биз лидерлерди, мектептеги билим берүү мыктылыгын изилдедик, бул нерсе мугалимдерге баштап жаткан иштеринде зор ийгиликтерди жаратууга  мүмкүндүк берет. Биз акыркы 4 жыл аралыгында Назарбаев Интеллектуалдык мектептеринде такшалма программасы менен иштеп келүүдөбүз. Казакстандык мугалимдер бул тармакта көп ийгиликтерге жетишти.

САУЛЕ УМИРБЕКОВА, ТАЛДЫКОРГАН ШААРЫНДАГЫ НАЗАРАБЕВ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Бул кызматташтыктын негизи биринчиден, мугалимдерди өз тажрыйбасын изилдөөгө үйрөттү. Биринчи жылдардагы кызматташтыкта биз менен бөлүшкөн ойлор акылга такыр сыйбагандай, билим берүүгө эч кандай  тиешеси  жоктой сезилген. Бирок, бүгүнкү күнү биз көрүп жаткандай өз тажрыйбаларды изилдөө жана аны жакшыртуу - бул биринчи учурда күнүмдүк иште мугалим ата-эне жана окуучу менен иштешүүдө кандай артыкчылык, кемчиликтерге ээ болгондугун байкай алат. Анткени бүгүнкү күндүн тажрыйбасын изилдөө - келечектеги ийгиликке өбөлгө болот.

Бүгүнкү күндө Талдыкорган шаарындагы Назарбаев интеллектуалдык мектебинин 18 мугалими Bottisham Village колледжинде такшалмадан өтүшкөн. Ушул жылдар алкагында алар окуучулар жана ата-энелер менен иштешүүнүн ыкмаларын үйрөнүштү. Анткени ааламдык чакырыктарга туруштук берүү үчүн заманбап  ишканалар жогорку билимдүү жумушчуларды алышат. Ошондуктан мыкты адистерди даярдоо үчүн казакстандык окуу мекемелери билим берүү системасын модернизациялоого өзгөчө көңүл буруп келишет.