Казакстан менен Польша бардык тармактар боюнча динамикалык кызматташтыкта. Белгилей кетсек, азыркы мезгилде 2 өлкө тең БУУнун Коопсуздук Кеңешинде мүчө. Бул ай Польшанын төрагалыгы менен өттү. Күн тартибине эл аралык укук, тынчтыкты куруу миссиясынын ишмердүүлүгү, конфликтик зоналарда жарандардын укугун коргоо жана гуманитардык жардам сыяктуу маселелер кирди. Польша Коопсуздук Кеңешинде жакынкы 2 жылга туруксуз мүчө болду. Ал эми тынчтык жана коопсуздукту колдоо органынын биринчи төрагасы Казакстан болду.

ДЖОАННА ВРАНЕСКА, БУУНУН АЛДЫНДАГЫ ПОЛЬШАНЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан менен Польша Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруксуз мүчөлөрү. Бул тармакта биздин ортобузда өтө жакшы карым-катнаш орногон. Казакстандын Борбор Азиядагы маанилүү ролун, ошондой эле ярдролук куралсыздандырууга кошкон салымын өзгөчө белгилеп кетким келет. Польша казак өлкөсүнүн бардык демилгелерин  колдойт. Өлкөбүздүн Мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка жогору баа берди. Эки тарап экономикалык катнаштар менен катар мамлекеттер арасындагы биримдикти мындан ары өнүктүрүүгө келишишти.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии