http://www.china-briefing.com/news/?s=Astana&news-search-option=news

Астана экономикалык окуялардын кайнаган борборуна айланды. Казакстандын борборунда өткөн АЭФ: : Global Challenges Summit  маанилүүлүгүн чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары белгилешүүдө. «China Briefing» басылмасы негиздүү маселелердин бири – Евразиялык экономикалык биримдик менен КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюусу деп эсептейт. Журналисттер, бул өз ара соода-сатык шартын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам экенин жазып чыгышты.

******************************************************************************

https://www.efe.com/efe/english/patrocinada/kazakhstan-opens-astana-economic-forum-to-discuss-global-trends/50000268-3619157

Испаниянын «EFE» көз карандысыз маалымат агенттиги дүйнөлүк ири мультимедиялык порталдардын бештигине кирет. Аталган мекеменин журналисттери Казакстандагы саммиттин глобалдык мааниси бар экенин белгилешти. Талкууланган бардык маселелерди жана сунуштарды эске алып, Казакстан стратегиялык багыттарды ишке ашырууга мүмкүндүк алат дешет агенттиктин серепчилери.

ЦИТАТА:

«Астана экономикалык форуму Казакстанга алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын жана ар түрдүү тармактардагы ааламдык билимдерин кабыл алууга жол ачат».

******************************************************************************

http://www.laht.com/article.asp?CategoryId=12396&ArticleId=2456768

Казакстанда өткөн Астана экономикалык форуму Түштүк америкалыктардын да назарында. Белгилүү «LаtinAmeriсanHeraldTribunе» астаналык диалогдун масштабы кең экендигин эске алды. Журналисттер БУУнун мурдагы башкы катчысы, Франциянын мурдагы президенти Франсуа Олланд жана «Apple» компаниясынын негизги түптөөчүлөрдүн бири Стив Возняк сыяктуу белгилүү инсандардын аталган форумга катышкандыгын белгилеп жазышкан.

ЦИТАТА:

Уюштуруучулардын айтымында, Астана экономикалык форуму өткөн он жыл ичинде 150 өлкөдөн 50 миңден ашуун делегат катышкан. Алардын катарында Нобель сыйлыгынын 20 лауреаты бар. Жалпы суммасы 20 миллиардды түзгөн 300дөн ашуун меморандум жана келишимдерге кол коюлган.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии