Global Challenges Summit-те Нурсултан Назарбаев баяндаган 5 мегатренд, адам баласынан таптакыр жаңы ыкмаларды талап кылат. Нобель сыйлыгынын ээси Рае Квон Чунг дал ушундай ойдо. Анын айтымында, акыркы он жылдыкта дүйнө экономикалык өсүшкө, өнөр жайды активдүү өнүктүрүүгө жана эркин рыноктук саясатка басым жасап келишти. Бирок планетадагы калктын санынын өсүшү, урбанизация жана энергетикалык трансформация сыяктуу дүйнөлүк чакырыктарга туруштук берүү үчүн мамлекеттик жана жеке менчик секторлорунун ортосунда оптималдуу тең салмактуулук керек деп эсептейт окумуштуу. Ошол эле учурда мамлекеттик сектор чечүүчү ролду ойношу керек дейт, Нобель сыйлыгынын ээси.

РАЕ КВОН ЧУНГ, НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫНЫН ЭЭСИ:

Биз бир гана менчиктештирүүгө же мамлекеттик башкарууга аракет кылбашыбыз керек. Кээ бир ролдорду мамлекеттик сектор мыкты ойной алат, ал эми кээ бир белгилүү ролдорду жеке менчик сектору ойной алат. Айрыкча кыска мезгилдүү талаптарга, кыска мезгилдүү пайдада жеке менчик сектор абдан жакшы. Ал эми энергетиканы трансформациялоо, урбанизация, керек болсо роботтор адамдарды алмаштырган эмгек рыногу сыяктуу узак мезгилдүү тапшырмаларды мамлекеттик сектор гана чече алат. Бул нерсеге күчтүү мамлекеттик сектор керек.

Ошондой эле окумуштуу Казакстандын “жашыл экономиканы” өнүктүрүү потенциалын да белгилей кетти. Ал, туура стратегиялык аракеттер болсо 30 жылдан кийин Казакстан “жашыл энергияны” экспорттогон дүйнөлүк мамлекет боло алат деген пикирде. Бул жагдай жумушчу орундарынын өсүшүнөн башка мамлекеттин сырткы рынокторунда аттандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии