АЭФ 2018: чет өлкөлүктөрдүн көзү менен - Kazakh TV

11-Астана экономикалык форумдун ишмердүүлүгүн рекорддук сандагы журналисттер чагылдырышты. Бул миңден ашуун ата мекендик жана чет өлкөлүк ЖМКлардын өкүлдөрү. Ошол эле учурда географиясы да кеңейди.  120дан ашуун өлкө өз өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрүшкөн. Алардын катарында дүйнөгө белгилүү Bloomberg, The Wall Street Journal басылмалары, түркиялык «Анадолу» телерадиокомпаниясы, орусиялык «РБК» медиахолдинги жана «Коммерсанть» гезити. Испаниялык журналист Джеймс Руссонун айтымында, АЭФтин эң маанилүү жетишкендиктеринин бири ЕАЭБ менен Иран өлкөсүнүн ортосундагы убактылуу келишимге кол коюлгандыгы болду деп эсептейт.

ДЖЭЙМС РУССО, «AGENCIA EFE» АГЕНТТИГИНИН КАБАРЧЫСЫ:

- Астана экономикалык форумда өтө кызыктуу маалыматтар көп болду. Форумдун ачылышында Президент Нурсултан Назарбаев дүйнөнү өнүктүрүүнүн маанилүү тренддери боюнча баяндады.  Дал ушул күндөрү Евразиялык экономикалык биримдиги жана Иран ортосунда келишимге кол коюлду. Мен ушул 2 темага өз материалдарымды арнадым. Үчүнчү материалды «Астана» каржы борбору боюнча жазам, себеби азыркы тапта Азия инвестиция тарта турган борборго айланып жатат.

Форумга атайын эл аралык каржылык маалыматтарды чагылдырган эл аралык борбордун, британдык кабарчысы – Мария Петрова келди. Ал чагылдырган эң негизги тема - АЭФ аянтында казакстандык компаниялардын катышуучулары менен талкуулаганга мүмкүн болгон комплекстүү мерчем менчиктештирүүгө багытталган. 

МАРИЯ ПЕТРОВА, «MERGERMARKET» БАСЫЛМАСЫНЫН КАБАРЧЫСЫ:

- Биз атайын адиштештирилген басылмабыз. Бизди негизи Казакстан, Орусия жана КМШ өлкөлөрүндөгү юридикалык фирмалар, инвестициялык банк, фонддор окушат. Биз ушул жылы жана алдыдагы жылдары күтүлүп жаткан менчиктештирүү боюнча жазууга бел байлап жатабыз. Биз инвесторлорду тартууга кызыктар болгон ар кандай компаниялар менен сүйлөшүп жатабыз. Алардын катарында биргеликте ишкердикти ачууга кызыктар болгон чет өлкөлүк компаниялар да бар.

Чет өлкөлүк журналисттердин айтымында, АЭФ дүйнөлүк маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берген ийгиликтүү аянтча боло алды. Айтылган сунуштардын ичинен Нурсултан Назарбаевдин криптовалютаны колдоонуу эрежесин иштеп чыгуу, Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана Эл аралык «Астана» каржы борборунун ишмердүүлүгү боюнча идеяларын ЖМК өкүлдөрү жогору баалашууда.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии