“15 жыл эволюция”- бул Астанада өткөн юбилейлик Евразиялык медиа форумдун темасы. Эл аралык диалогдук аянтта 60 өлкөдөн келген алдыңкы серепчилер медиа мейкиндиги жана ааламдык  өзгөрүштөр боюнча талкуулашты. Бүгүнкү күндөгү маалымат таратуунун ылдамдыгы, аларды таркатуу каналдардын ар түрдүүлүгү өнүгүүгө жана чыгармачылыкка чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бирок, алар көптөгөн коркунучтарды да пайда кылат. Форумдун катышуучулары фейк маалыматтар менен күрөшүүнү талкуулашты. Мистификациялар, провокациялар жана билип туруп коомду адаштыруу чыныгы куралга айланып бара жатат.

РОДЖЕР ФИСК, САЯСИЙ СТРАТЕГИЯЛЫК СУРООЛОР БОЮНЧА СЕРЕПЧИ/АКШ/:

- Бул куралды кандай колдонот, ал ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Мисалы мен, жаңылыктарды окуп жатканда кээ бир нереселери менен макул болбошум мүмкүн. Дүйнөдө канча адам болсо, ошончо пикир бар. Ошондой эле адамдардын тиги же бул маалыматты кандай кабыл алып жаткандыгы маанилүү. Биздин заманда заманбап адам баласы маалыматты карап, жалган же чын экендигин айырмалай билүүсү керек.

Медиа форумда серепчилер экономикалык бейпилдик, коомдук институттар, өнүккөн технология адамдын эмгеги, интеллегин канчалык деңгээлде алмаштыра алат  жана адам баласына кандай таасирин тийгизери боюнча да кеп кылышты. Ошондой эле талкуу аянтында адамзаттын моралдык баалуулуктарын жана салттык массалык маалымат каражаттарынын келечектеги тагдыры жөнүндө сөз болду.

ВЛАДИМИР ДЖИДЖОРА, УКРАИНАНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ УБАКТЫЛУУ ИШЕНИМДҮҮ ӨКҮЛҮ:

- Бул аянт ушул тармакта иштеп, маалыматтык чөйрөгө кызыккандар үчүн профессионалдык өнүгүүгө жана максималдуу сандагы адамдар менен мамиле түзүүгө зор мүмкүнчүлүк. Мындай форум мыкты, активдүү жана ынтымактуу мамиле курууга өбөлгө болот. Бири-бирин жакындан таануу. “Биринчи колдон” маалымат алуу үчүн бири-бирин түшүнүү. Ыкчам жана сапаттуу.

Белгилей кетсек, жыл сайын Алматыда өтүп жаткан иш-чара Борбор Азиянын Кытай жана Европанын аралыгындагы байыркы Жибек Жолун камтыган коммуникациянын борбору катары ролун кайра жандандырууга багытталган иш аракет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии