Евразиялык медиа форум: Заманбап журналистика

Алматыда өткөн 15-Евразиялык медиа форумда белгилүү баяндамачылар жана журналисттер, саясий жана коомдук ишмерлер, экономисттер жана серепчилер массалык коммуникация чөйрөсүндөгү актуалдуу суроолорду таалкуулашты. Казакстан Президентинин атынан Маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев сөз сүйлөдү. Өлкө башчысы заманбап журналистикада жогорку жоопкерчилик болушу абзел деп белгилегенин кошумчалады. Акыркы учурларда аудиторияда ишеним кризиси пайда болуп, альтернативдүү маалымат булактарына көңүл буруп жаткандыгы, салттык масс-медиага олуттуу чакырык болуп жатат. Классикалык ММКлардын ортосундагы аттаандаштык, жогорку кесипкөйлүүлүккө жана берилип жаткан контенттин сапатына негизделиши керек деген пикирде Казакстандын Президенти.

ДАУРЕН АБАЕВ, КР МААЛЫМАТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯ МИНИСТРИ:

- Бул үчүн маалыматтарга жеткиликтүүлүктү ачык кылууну жана үзгүлтүксүз диалогду кармоо керек. Бул бардык пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдөгү негизги шарт. Журналистика  коомго кызмат кылган жана жогорку эстетикалык, адеп-ахлактуу сапаттарды карманган кесип болуш керек. ЕАМФ - бул актуалдуу маселелерди жогорку деңгээлде талкулоого дагы бир мүмкүнчүлүк. Сапаттуу курам жана форум мүнөздүүлүгү конструктивдүү пикирлер менен пайдалуу тажрыйбаларды алмашууга мүмкүндүк берет.

Евразиялык форумда спикерлер өтө курч маселелерди көтөрүп жатышты. Мисалы, Европага болгон массалык миграция көп кырдуу болду. Кээ бир серепчилер, качкындар Европанын экономикасын жанчып жатат дешсе, башкалары байкалып жаткан миграция Европа калкынын карып кетишинен, демографиялык түшүп кетүүдөн жана жумушчу күчтүн жетишсиздигинен куткарып жатат дешет. Мындан сырткары катышуучулар, саясий курал катары бурмаланган же фейк маалыматтарды колдонушкан маалыматтык согушту да талкуулашты.

СЬЮЗАН МЕРИ ФИЛЛИПС, ЕВРАЗИЯЛЫК МЕДИА ФОРУМДУН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Биз азыркы мезгилде жалпы коомду кызыктырып жаткан суроолорду камтыганга аракет кылдык. Медианы санариптештирүүдөн гендердик теңдик суроолорго чейин. Менин оюмча бул жерден ар бир катышуучу өзүнө жакын нерселерди таап, жаңы керектүү маалыматтарга ээ боло алат.

Белгилей кетсек, форумдун биринчи күнүндө семинарлар жана мастер-класстар өттү. Журналисттик искусствонун сырлары жана тажрыйбасы, медиа мейкиндигинин келечеги жана жаңы технологиялар жаатындагы пикирлери менен АКШнын, Европанын, Түштүк-Чыгыш Азиянын, Индиянын, КМШнын беделдүү акулалары, алдыңкы адистери бөлүшүштү.

ЮСУФ ОМАР, МОБИЛДҮҮ ЖУРНАЛИСТИКА ТЕХНОЛОГИЯСЫН ОЙЛОП ТАБУУЧУ:

 – Мобилдүү технологиялар, чындыгында виртуалдуу реалдуулукка кезек берүү менен акырындап артка кетүүдө. Мен азыр тагынып турган көз айнек менен видео тартууга, кайсы жерде болбосун репортаж жасоого мүмкүн. Санариптүү тиркеме – программалар, медиа-каналдарда эмнени көрсөм, уксам чыгарууга уруксат берет. Бул заманбап журналистиканын атаандаштык куралы болуп калышы ыктымал.