Казакстан менен Грузия ар тараптуу кызматташтыкты бекемдешет

Казакстан менен Грузия ар тараптуу кызматташтыкты бекемдешет. Азыркы тапта эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык байланыш тез өнүгүүдө. Өткөн жылы эки тараптуу товар айлануу 56 пайызга өскөн жана бул көрсөткүч күндөн-күнгө жогорулоодо. Аталган өлкөлөр транзиттик потенциалды эффективдүү пайдаланып келишет. Жакынкы убакыттан бери ишке кирген Баку-Тбилиси-Карс эл аралык транспорт долбоору бул мүмкүнчүлүктү дагы да кеңейтти. Улуу Жибек Жолунун уландысы болгон бул маршрут, Казакстан жана башка борбор азиялык өлкөлөрдөн жүк жеткирүүчү альтернативдүү коридор боло алды.  Белгилей кетсек, Грузия Казакстан үчүн деңизге чыгууга жол ачкан стратегиялык өнөктөш.

ЗУРАБ ПАТАРАДЗЕ, АДЖАР АВТОНОМИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТӨРАГАСЫ/ГРУЗИЯ/:

- Орто азиялык жүктөр Каспий деңизи аркылуу Грузияга, андан ары Кара деңиз менен Европага кетет. Чындыгында бул өтө маанилүү жол. Ушул багыт аркылуу өлкөлөрүбүздүн өнөктөштүгүн ар тараптуу өнүктүрө алабыз. Биз азыркы тапта Казакстан менен катар Кытай, Индия, Борбор Азия аймагындагы мамлекеттерден кошумча жүк тартуу жаатында аракет жасап жатабыз.

Бүгүнкү күндө Казакстанда  грузиндик капиталдын жардамы менен иштеп келе жаткан 120 ишкана бар. Грузияда болсо казакстандык компаниялардын саны 250дөн ашуун.

ЗУРАБ ПАТАРАДЗЕ, АДЖАР АВТОНОМИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТӨРАГАСЫ/ГРУЗИЯ/:

- 2017-жылга салыштырмалуу бизде товар айлануу 3 эсеге өскөнүн белгилей кетейин. Бул тарапташтардын мыкты стратегиялык багытты тандаганынын жемиши деп айтаар элем. Эки өлкөнүн  бизнес коомчулугу түз байланыш орнотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул үчүн бардык мамлекеттик колдоо механизмдери ийгиликтүү иштеп жатат.

Ошондой эле, мамлекеттер башка да багыттарда жемиштүү иштешип келет. Бүгүнкү күнү  Казакстан Грузияга келген туристтердин сап башында. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 20 % өскөн. Белгилей кетсек, Казакстандан Грузияга жумасына 20 түз аба каттам учат.