АЭФ 2018: 2030-жылы планетадагы урбанизация деңгээли 70% түзөт

Мегаполистер доору жана шаарлардын санынын өсүшү. 2030-жылы планетадагы урбанизация деңгээли 70% түзөт. Мындай божомол менен Астана экономикалык форумунда келечектеги шаарлар жана маалыматтык технологиялар боюнча америкалык белгилүү адис Энтони Таунсенд бөлүштү. Эксперттин ою боюнча, шаарлардын өсүү ыргагы тездеп жатат. Алар климаттын өзгөрүүсү, эл аралык миграция, шаардыктарды жетиштүү санда турак-жай менен камсыз кылуу жана кылмыштуулук сыяктуу ааламдык көйгөйлөргө туш болушат. Бирок, «смарт сити» концепциясынын жардамы менен шаарлар ыңгайлуу боло алышат.  Бул пайда болгон  көйгөйлөрдү чечүү үчүн эң заманбап технологияларды пайдалануу ыкмасы. Ошондой эле серепчи, Казакстандын президенти белгилеп өткөн - дүйнөнүн таза энергияга өтүү маселесинин маанилүүлүгүн кошумчалады.

ЭНТОНИ ТАУНСЕНД, КЕЛЕЧЕКТЕГИ ШААРЛАР ОБЛУСУНУН АДИСИ/АКШ/:

- Казакстан азыркы тапта алдыңкы чечимдерди кабыл ала турган эң ынгайлуу учурда турат. Бул нерсе борборго келип жаткан инвестицияларды эффективдүүрөк кылат. Менин оюмча “акылдуу шаарлар” 100%  кайра жанма энергияны колдонушу зарыл. Шаарлар - альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүүчү эң негизги шайман. Анткени ал башка калк жашаган аймактардан эффективдүүрөөк. Азыркы мезгил шаарлар тарыхта болуп көрбөгөндөй ыргакта өнүгүп жатат. Ошондуктан “жашыл энергияны” колдонуу -  “акылдуу шаарлардын” негизги милдети.

Футуролог жана ишкер Дэвид Голдсмиттин пикиринде, адамзаттын келечегинде глобалдуу эмгек рыногундагы трансформация сыяктуу мегатренд эң негизги маанини ойнойт. Жакынкы жылдары кара эмгектин 80 пайызы роботтоштурулган системага алмашышы мүмкүн. Серепчи, технологиялык революция адамдардын жашоосун жеңилдетет, дейт. Бирок, жаңы технологияларды иштете турган кадрлар жана менеджмент тууралуу азыртан ойлонуу керек. Анын айтымында, бардык тобокелчиликти эске алып, акырын өтүүнү камсыз кылуу зарыл.  

ДЭВИД ГОЛДСМИТ, ФУТУРОЛОГ, БИЗНЕС-СТРАТЕГ, ИШКЕРКШ/:

– Бүгүн адамзатка чакырык – бул абдан маанилүү учур – азырынча биз жасалма интеллект, 3D-басып чыгаруу, синтетикалык инженердик биздин келечегибизге кандай таасир этерин билбейбиз. Биз роботтошуу тоо-кен казуу өнөр жайына кандай таасир этерин да аңдай албайбыз. Бүгүнкү учурду алганда деле, мисалы, ишке 60 миң адамды жалдадык дейли, ал эми жаңы технология менен алардын саны бир жарым миңге кыскарып кетиши мүмкүн. Мындай жагдай башка да тармактарда болушу ыктымал.