Астана экономикалык форумунун жыйынтыгы

Казакстандын борборунда эң маанилүү дүйнөлүк окуялардын бири - АЕF: Global Challenges Summit болуп өттү. 111 өлкөдөн келген 6 миңден ашуун катышуучу 3 күндүн ичинде замандын эң олуттуу суроолорун талкуулашты.

Казакстандын Президентинин сүйлөгөн сөзү Форумдун эң башкы окуяларынан болду. Ал өз сөзүндө дүйнөлүк өнүгүүнүн 5 мегатренддерин белгилеп өттү.

Ошондой эле АЭФтин алкагында  20дан ашуун ар кандай документке кол коюлду. Алардын бири ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы убактылуу эркин соодалашуу чөлкөм келишими. Бул нерсе соода-экономикалык мамилелердин жаңы өнүгүү чекити болот.

Казакстандын айыл чарба тармагына Түштүк Корея, Улуу Британия, Италия, АКШ жана Кытайдын транс улуттук эт корпорациялары келишти. Жалпы 300 миллиард теңгелик келишимдер бекитилген. Казакстандын аймагында автоунааларды жана айыл чарба техникаларды жасап чыгаруу боюнча  дүйнөлүк лидерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

СЕРДЖИО КАМИЦОЛЛИ, ЭТТИ КАЙРА ИШТЕТҮҮ КОМПАНИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Биз бул жерде жакшы потенциалды таптык. Анткени мал чарбачылыгы  менен алектенген салт бар. Азыркы тапта мал чарбачылыгын өнүктүрө турган мыкты программа иш алып барылууда жана чакан, орто бизнеске басым жасалууда. Биздин заводдордун жанында 30 жыл бою бизди эт менен камсыз кылып турган, бизди потенциалдуу кардар катары баалган фермалар керек. Алардын малы канчалык сапаттуу болсо, биз ошончолук көп төлөйбүз.

АЭФтин 2-күнү да мазмундуу жана кызыктуу өттү. Программага адамзаттын алдында турган 5 чакырык боюнча ондой иш-чара кирди.

Ата мекендик улуттук компания британ агенттиги менен инвестдолбоорлорду  каржылоо фондун түзүү үчүн меморандумга кол коюшту. Анын милдети, кайра иштетүү жана экспортко терең багыттоо менен жогорку технологияларды, республиканын агро өнөр жай комплексин иштеп чыгаруучу секторундагы жеке инвестициялардын эсебинен өнүктүрүү болуп эсептелет.

АЛЕКСЕЙ ПЕТРОВ, DA VINCI CAPITALдын АТКАРУУЧУ ӨНӨКТӨШҮ:

 - Агро өнөр жай комплекси секторунун алкагында, АӨК жогорку технологиялык сегменти. Биз Казакстанды кызыктырган башка да суроолорду карап жатабыз. Тамак-аш өнөр жайын куруу жана технологиялык сектор.

Инновация облусунда кызматташууга «Инновациялык технологиялар паркы» автономдуу кластерлүү фонду жана «ШуазЁль» институту кызыктар. Алдыда Казакстан жана Франциянын эффективдүү өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган бир канча ири долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө.

ПАСКАЛЬ ЛОРО, CHOISEUL ИНСТИТУТУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Инновациялык технологиялар биздин өлкөлөрдүн өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Биз биргеликте иштешүүнү баштадык. Ири долбоорлор ишке ашат. Казакстан бул кызматташуудан өнүгүүгө багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Бизге да бул өнөктөштүк кызыктуу.

Форумдун үчүнчү күнүндө дүйнөлүк жана ата мекендик серепчилер, ааламдык чакырыктар саммиттинде айтылган долбоорлордун көнүшүүсү боюнча талкуулашты.  “Стратегиялык сессияда” Казакстандын мындан ары реформаларды жүргүзүүсү боюнча кеп козголду. АЭФ серепчилери бул форум жөн эле эл аралык диалогдук аянтча эле эмес, ич ара пайдалуу өнөктөштүктүн платформасы экенин баса белгилешти.