Казакстандын борбору Астана экономикалык форум – Global Challenges Summitин кабыл алып жатат. Аталган форумга Казакстандын Президенти катышты. Өлкө башчысы өз сөзүндө экономикадагы 5 башкы мегатренддерди белгиледи. Алардын биринчиси -  адамзаттын бардык чөйрөсүн санариптештирүү. Казакстанга санариптешүү келгенден тарта, өлкөнүн санариптик инфраструктурасы, ошондой эле Ай-Ти жана ЭКО системалары активдүү өнүгө баштаарын Нурсултан Назарбаев белгилеп кетти. Казакстандыктардын санариптик сабаттуулугу 85 %га өсөт. 5 жыл ичинде кайра иштетүү секторундагы жумуштун түшүмдүүлүгү бир жарым эсе көтөрүлөт. Казакстандын президентинин сөзү боюнча 2-тренд - бул энергетикалык төңкөрүш - дүйнөнүн таза энергетика багытына аракеттенүү.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Болгону 30 жыл ичинде КЭБ энергиясынын саны 13 эсе өстү, күн панелдеринин наркы 2 эсе төмөндөдү, унаалардын буму болуп жатат. Серепчилердин айтымында, эгерде автопарктардагы унааларды электрокарларга алмаштырсак, анда жердеги аба 200 жыл мурдагыдай таза калыбына келмек. Барыбыз көрүп жаткандай эле ири энергетикалык оюнчулар болушунча жаңы энергетикага инвестиция кылып жатышат. Казакстан да бул процесстен четте калган жок. EXPO-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында өткөн “Келечектин энергиясы” темасы өлкөдөгү жашыл экономиканын негизи болуп берди. Жалпы 2030-жылга альтернативдүү энергиянын биздин энергобалансыбызда 30%га чейин жеткирилет.

Өлкө башчысы белгилеген үчүнчү жана төртүнчү мегатренддер планета калкынын тез өсүп жатышы жана урбанизация маселеси. БУУнун эсеби боюнча кылымдын ортосунда шаарда жашагандардын саны 7 миллиард адамды түзөт. Демек, мегаполистер доору келе жатат жана бул процесс уланат. Бешинчи тренд – ааламдык эмгек рыногун трансформациялоо. Президенттин айтымында, адамдын акылын роботтор алмаштыра алат. Заманбап жер тургуну жашоосунда бир канча кесипке ээ болуп жана үзгүлтүксүз билим алуу принцибин карманышы керек.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бардык чакырыктарга туруштук берүү үчүн жаңы эффективдүү механизмдерди, мамлекеттер арасындагы диалогдорду, билим алмашууларды түзүү мезгили келип жетти. Мен катышып жаткан G 7, G 20 форматтары менин көз карышымча ааламдык көгөйлөрдү камтый албай жатат. Ошондуктан биз G-Global демилгесин көтөрүп чыктык. Бул формат бардык өлкөнүн ой-пикирин жана кызыкчылыктарын мыктылап чогултат. G-Global тең салмактуу чечимдерди иштеп чыга ала турган шайман боло алат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии