АЭФ өз ишин баштады - Kazakh TV

Борбор калаада өз жумушун баштаган Астана экономикалык форумунун форматы өзгөрдү. Быйыл ири экономикалык окуя интерактивдүү түрдө иш алып барат. Белгилүү экономисттер, чет өлкөлүк саясатчылар менен окумуштуулардын маегин көрүүчүлөрдүн баары уга алат. Ошондой эле форум мүчөлөрүн да талкууга болушунча катыштуруу мерчемделинүүдө. 

САЛТАНАТ РАХЫМБЕКОВА, «ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКАНЫ» КОЛДОО ЖАНА G-GLOBALДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ КОАЛИЦИЯСЫ» БАШКАРМА ТӨРАГАСЫ:

- Быйылкы форум адаттагыдай тегерек стол гана эмес, ТЕД ИКС форматында өтүп жатат. Ошондой эле жакшы идеялар менен долбоорлорду  тааныштыруу да уюштурулат. Аларды кабыл алуу же кабыл албоо чечими зал менен бирге чыгарылат.

Ушуну менен 11-жолу өткөрүлүп жаткан форумда 11 дүйнөлүк маселе талкууланат. Серепчилер акылдуу шаарлар,  роботтоштуруу, таза энергия, ресурстар жана келечек акча ааламдары боюнча талкуу жүргүзүшөт. Келечек акча, бул багытта серепчилер криптовалютанын келечеги, жаңы каржы мезгили качан башталаары туурасында өз ойлорун ортого салышат.

САПАРБАЙ ЖУБАЕВ, КАЗАК ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА БИЗНЕС УНИВЕРСИТЕТИНИН АГА ОКУТУУЧУСУ:

- Бүгүнкү күндөгү расмий дүйнөлүк валюта - эл аралык валюта фондунун  SDR деген акча бирдиги. Ал  5-6 резервдик валютанын жалпы бир валютасы катары эсептелинет. Бирок тилекке каршы ал дүйнөлүк валюта боло алган жок. Жапония, Австралия мамлекеттери биткоин сыяктуу жаңы электрондук акчаларга өтүшүүдө. Бирок анын бир кызык жери, акча байлыктын негизи болсо дагы, ал акчанын ээлери байып кеткен жок.

Форумдун максаты - Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык суроолорду жана ааламдык көйгөйлөрдү талкуулоочу ири эл аралык аянт түзүү. АЭФте көтөрүлө турган маселелер, азыркы тапта эң олуттуу деп белгилешет катышуучулар. Саммиттин натыйжасында адамзаттын жашоосундагы көрүнүктүү секириктерди байкай алабыз.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии