Казакстанда Корей аралык форум өтөт

Казакстанда Корей аралык форум өтөт

Алматыда бугу айынын 17-18де Корей жарым аралдарын бириктирүүгө багытталган форум башталат. Көп жылдардан бери биринчи жолу Түндүк жана Түштүк Кореянын окумуштуулары, спортчулары жана музыканттары жолугушат. Аталган иш-чаранын уюштуруучусу – корейлердин Казакстандагы ассоциациясы. Эске сала кетсек,  БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Нурсултан Назарбаев «ядролук бештикке», эгерде Корей Элдик-Демоктратиялык Республикасы ядролук куралдан баш тартса, коопсуздук кепилдигин бериш керектигин сунуштаган. Ошондой эле Казакстан президенти түндүк кореялык ядролук курал маселеси боюнча сүйлөшүүлөр үчүн аянтча берүүгө даяр экенин айткан. Белгилей кетсек, Казакстанда корей диаспорасы арбын. Республиканын ар бир аймагында этно маданий борборлор, корей театрлары иштеп келет. Ошондой эле, корей тилинде гезит да чыгарылат.

ГЕРМАН КИМ, АЛЬ-ФАРАБИ АТЫНДАГЫ КУУ ПРОФЕССОРУ:

- Түндүк Кореянын жаш лидери кытайлык экономикалык өнүгүү моделинин жолу менен барууну чечти. Ошондуктан, Казакстандагы эле корейлер эмес, корейлердин Казакстандагы ар кайсы улуттагы өнөктөштөрү Түндүк Кореянын экономикасына инвестиция кыла ала турган мезгил келди деп ойлойм. Ал жакта өнүктүрө турган нерселер арбын. Биздин экономикалык багыттарга тектеш десем болот. Мисалы, тоо кен өнөр жайы.

Эске сала кетсек, чын куран айынын аягында Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлеринин тарыхый жолугушуусу болуп өткөн. Бул алардын 11 жылдан берки алгачкы кездешүүсү болуп калды. Саммиттин жыйынтыгында Сеул жана Пхеньян “биргеликте өнүгүүгө” умтулууга келишишкен.