АЭФ 2018: Белгилүү дүйнөлүк серепчилер - Kazakh TV

АЕF: Global Challenges Summit 2018 – белгилүү дүйнөлүк серепчилердин диалогдук аянтчасы. Астанага бизнестин «акулалары» келе баштады. Алардын бири - Лэирд Каган. Ал бизнести кантип түзүүнү жана кантип андан мол киреше тапса болоорун билет. «Cagan McAfee Partners» компаниясынын мүдүрү жана негиздөөчүсү 90-жылдары 15 IT-компанияны курууга жардам берген. Алардын 10нун Нью-Йорк биржасына алып чыккан.

**********************

Казакстанда «жашыл экономиканы» кантип өнүктүрүү керек? Бул тууралуу «Астана» экономикалык форумунун сыйлуу коногу, Нобель сыйлыгынын экономика боюнча лауреаты Рае Квон Чунг кенен айтып берээри күтүлүүдө. Түштүк Кореялык окумуштуу турак-жай коммуналдык чарбада энергияны эффективдүү пайдаланууга өтүү жана жаңы технологияларда энергияны үнөмдүү пайдалануу боюнча кеп козгойт.

***********************

Адам өз келечегин шаарлар менен байланыштырат. Бирок, мегаполисттер бардык каалоочуларды кабыл алууга даярбы? Кайсы технологиялар шаарлардын эволюциясына жардам берет? 21-кылымда нөлдөн баштап шаар курса болобу? Пайда болгон суроолорго дал ушул багыттагы серепчилер жооп беришет. Шаар куруучу серепчилердин катарында архитектор Азиза Чауни бар. Ал Мароккодогу Эл аралык  баалуулук катары сакталган, Фес шаарынын тарыхый бөлүгүн кайра курууга катышып, өз долбоорлору менен таанымал болгон.

***********************

Картайтбаган дары кандай болот? Узак жашоонун дарысы качан пайда болот? Оору-сыркоо жана эпидемиялардан арылса болобу?  Бүйүр кызыткан суроолорго АЭФтин сессияларында жооп изделет. Аталган күндүн темасында  илимдин жаңы багыты болгон узак жашоо боюнча Энтони Атала өз ойлору менен бөлүшөт. Ал адамдын жабыркаган териси менен органдарын кайрадан калыбына келтирүү менен алектенет. Энтони Атала адам мүчөлөрүн 3D форматта жасап чыгара алды.

***********************

Аалам он миллиард адамды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн айыл чарбачылыгына жаңы технологияларды киргизүү керек. Анткени окумуштуулар ГМОну пайдалануу, Пестициддер менен нитраттарды колдонуу - экобаланстын бузулушуна уланып, ар түрдүү ооруларды алып келет дешет. Айыл чарбачылыгычы, жемиштүү жана коопсуз боло алабы? Бул суроолордун жообун тамак-аш өнүмдөрүндөгү маалымат боюнча Европа Кеңешинин өкүлү Милка Соколович, америкалык биолог Диксон Депомье жана жазуучу Тристрам Стюарт беришет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии