АЭФ серепчилери: 20 жылдан кийин жумуш орундардын 57 % автоматташат - Kazakh TV

17-майда Казакстандын борборунда “Астана” экономикалык форуму башталат.  Күндүн тартибинде – адам заттын жана планетанын келечеги боюнча темалар козголот. Саммиттин алкагында серепчилер мамлекеттер арасындагы жалпы жумушсуздук маселесин чечүү жолдорун карашат. Анткени азыр дүйнө робот доорунун босогосунда турат. Экономисттердин айтымында, 20 жылдан кийин жумуш орундардын 57 % автоматташат.

САРА АЛПЫСБАЕВА, МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨ ЖАНА БОЖОМОЛДОО БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Байлар байып, кедейлер кедейленип барат. Ортоңку класс кемип бара жатат. Ортоңку муун болсо коомдун туруктуулугунун негизи. Бул өтө олуттуу маселе. Ушул багытта Мамлекет башчысынын 5 коомдук демилгесин айта кетпесе болбос. Президент белгилеген жеңилдетилген салык – ушул жагымсыз процессти тизгиндөөгө жардам берет.

Криптовалюта, “Астана” экономикалык форумунда сөзсүз талкуулана турган темалардан. Электрондук акчалар 21-кылымдын чындыгы. 8 жыл мурда пайда болгон электрондук акча бирдиги азыркы тапта кээ бир өлкөлөрдө төлөө каражаты катары колдонула баштады. Бирок аналитиктер анонимдик артыкчылыктан, төмөн конверсиялык чыгымдардан каршы эффектерди да байкап жатышат.

МАДИЯР КЕНЖЕБОЛАТ, «ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ» АК АЛДЫҢКЫ ИЛИМЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Бүгүнкү күндө алдамчылар криптовалютаны баңгизат соодасында, курал-жарак жана башка кылмыштык максатта колдонуп жатышат. Ошондой эле башка терс жагдайда да колдонушу мүмкүн. Бул акчалардын эмиссиясы улут аралык, ары жабык болууда. Ошол себептен аталган багытты жөнгө салуу өтө кыйынчылык жаратып жатат.

Узак өмүр ааламы. Орточо өмүр сүрүү жашын 80 жылга, узак өмүр сүрүүнү болсо 120 жашка чейин узартуу. «Астана» экономикалык форумунда баяндалчу 11 дүйнөлүк теманын бири. Дүйнөдө 60 жаштан ашкан улуу адамдардын саны 2050-жылы 2 миллиардга жетет. Геронтология - тирүү организмдин же адамдын картаю маселеси менен Казакстан бетме-бет келүүдө.

АЯУЛЫМ САГЫНБАЕВА, КООМДУК ЖАНА ДЕМОГРАФИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР БОРБОРУНУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстанда да социалдык климаттын жакшыруусу менен 65 жаштан жогору адамдын саны өсүп жатканы байкалууда. Бир четинен бул экономика, медицина жана социалдык кызматтарга чакырык. Мамлекет социалдык реформа жасап кары адамдардын жашоо деңгээлин сапаттуу деңгээлге көтөрүш керек.

АЕF: Global Challenges Summit 2018, серепчилердин айтымында, адамзаттын келечеги туурасында ойлондурат. Ошондуктан 11-форумда талкуулана турчу темаларды дүйнөлүк коом чыдамсыздык менен күтүүдө.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии