3 күн, 500 дүйнөлүк эксперт, XI ааламдык тема. Глобал челлендж саммит дүйнөлүк деңгээлдеги эң олуттуу суроолорду талкуулоочу жаңыланган диалог аянтчасы болот.

Темалардын бири - «БИРДИКТҮҮ ЭКОНОМИКА ААЛАМЫ». Бул жерде Франсуа Оланд баш болгон спикерлер - келечекте глобалдуу экономикалык өсүштү күтсө болобу деген суроого жооп издешет. Дүйнөлүк экономикалык системанын эффективдүүлүгүн кантип көтөрсө болот? Мамлекет  рынок механизмин жакшырта алабы?

«ДҮЙНӨЛҮК СТРАТЕГИЯ ААЛАМЫ» бул жерде абдан бат өсүп жаткан ааламдык өзгөрүүлөрдү - жылуулануу, ресурстарды кайра иштетүү жана эл аралык соода суроолору боюнча талкуу болот.

Смарт-технологиялар жана урбанистиканы «ШААРЛАР ААЛАМЫ» сессиясында талкуулашат. Мегаполисттерди өнүктүрүү боюнча мамлекетти башкаруу Сингапур мектебинин алдыңкы илимий кызматкери - Параг Ханна айтып берет.

Форумдун алкагындагы дагы бир тема - «РЕСУРСТАР ААЛАМЫ».  Өсүп жаткан жер калкына табигый ресурстардын, ичүүчү суунун жана азык-түлүктүн жетишсиздиги боюнча маселени кабыргасынан коёт. Бул сессияда белгилүү жазуучу Тристрам Стюарт катышат.

Өнүккөн өлкөлөрдүн кайра жанма энергия булактарына өтүү талабы «ЖАҢЫ ТАЗА ЭНЕРГИЯ ААЛАМЫ» сессиясында каралат. Бул сессияга алдыңкы жашыл технология борборлорунун өкүлдөрү катышат.

«СИНГУЛЯРЛЫК ААЛАМЫ» сессиясында жасалма интеллект боюнча маалымат берилет. Ушул жана башка суроолорго америкалык физик, футуролог, кыл теориясынын автору Митио Каку жооп берет.

Жаңы санариптүү чындыкка көнүү. «САНАРИПТИК ААЛАМ» сессиясынын темасы дал ушундай. Бул сессияга белгилүү саясатчы Тоомас Ильвес катышат.

Жаңы каржы системасы боюнча «КЕЛЕЧЕКТЕГИ АКЧА ААЛАМЫ» сессиясында баяндап беришет. Бул сессиядан криптовалюта эрасы качан келээри боюнча маалымат ала аласыз.

Өз маалыматтарыбызды алдамчылардан кантип сактай алабыз? Ушул жана башка суроолорго «ДҮЙНӨЛҮК КООПСУЗДУК ААЛАМЫ» сессиясынын алкагында жооп издешет. Өз ойлору менен Пан Ги Мун бөлүшөт.

Табигый акыл менен жасалма интеллектин чеги кайда? «ЖАҢЫ АДАМДЫН ДҮЙНӨСҮ» темасы 21-кылымдагы адамдардын келечегине жана алардын жаңы дүйнөдөгү талабына арналат.

«УЗАК ЖАШОО ААЛАМЫ» сессиясында узак жашоо жана бул нерсенин экономикага тийгизген таасири боюнча талкуу болот. Аталган сессияга  Регенеративдүү медицина инститтунун директору Энтони Атала катышат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии