Европа парламентинин депутаттары Казакстанга жасаган расмий визитинин алкагында EXPO шаарчасындагы «Нур Алем» чөйрөсүндө болушту. Делегацияны “Казакстан Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык Комитетинин тең төрагасы Ивета Григуле жетектеп келди. Коноктор павильондун тематикалык экспозициялары менен таанышып чыгышты. Концепцияга ылайык, көргөзмөдөн кийин EXPO уникалдуу стартаптарды алга жылдыруучу аянтка айланат. Бүгүнкү күндө көргөзмөнүн аймагында Астана Эл аралык каржы борбору, «Astana Hub», Жашыл технология борбору, IT-университет сыяктуу ири масштабдагы долбоорлор ишке ашырылууда. Европарламент депутаттарын көрүүчүлөр менен түз карым-катнашта боло турган музейдеги интерактивдүү экспонаттар таң калтырды.

ИВЕТА ГРИГУЛЕ, “КАЗАКСТАН-ЕБ” ПАРЛАМЕНТТИК КЫЗМАТТАШТЫК КОМИТЕТИНИН ТЕҢ ТӨРАГАСЫ:

– Мында бардыгы интерактивдүү болгону жакшы. Сен улуттук аспаптын кылдарына тийсен болот, бир баскычты басып, жердин пайда болушун көрө аласың. Бул жаштар, мектеп окуучулары, студенттер үчүн окуу куралы иретинде пайдасы зор.

ИОАХИМ ЦЕЛЛЕР, ЕВРОПАРЛАМЕНТТИН ДЕПУТАТЫ:

– Менде сонун таасир калды. Бул жер туристтерди өзүнө тарткан жер экенине ишенип турам. «Нур Алем» павильону кооз эле эмес, үйрөтүүчү, маалымат берүүчү. Бул жакта энергияны үнөмдөө жаатында уникалдуу иштер көрсөтүлгөн. Энергия космосуна арналган кабатты белгилеп кетүүм абзел. Мени абдан таң калтырды.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии