Каспий деңизинин статусу тууралуу конвенцияга Астанада өтө турган Каспийлик мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде кол коюлат. Документ деңиздин укуктук статусу тууралуу маселеге  чекит коюшу шарт. Анткен менен бир маанилүү компонентсиз мамлекеттер коопсуздук, транспорттук, табиятты коргоо жана дагы башка багыттар боюнча өз ара келишимге келген. Каспий жээгиндеги мамлекеттер үчүн тынчтык менен өз ара кызматташтык деңизи болуп кала берет. Алардын айтымында, деңиздин укуктук статусу тууралуу акыркы документке кол коюу бардык тараптардын кызыкчылыктарына төп келет.

ХИКМЕТ ГАДЖИЕВ, АЗЕРБАЙЖАН ТИМнин БАШКЫ МААЛЫМАТ-КАТЧЫСЫ:

Каспий жээгиндеги мамлекеттер арасында юридика - укуктук негиз мурунтан бар. Ошентсе да Каспийдин укуктук статусу стратегиялык суроолордун катарында. Башкысы, катышуучу мамлекеттер өз ара ынтымакташтык боюнча документтин негизги бөлүгүн бекитти.

ФИКРЕТ САДЫХОВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Каспий укуктук статусун аныктоо бул мамлекеттер үчүн маанилүү. Документтин Казакстанда кабылданышына эч күмөнүм жок. Эң башкысы, конвенциянын долбоору даяр жана кароо үчүн Каспийлик бештикке сунушталат. Бул өз ара ынтымакташтыктын артышына зор себеп болмок. Ошондой эле мамлекеттер арасында ар тармактагы карым-катнаш да бекемделмек.

Деңиздик укуктук статусу Каспийлик мамлекеттердин түрдүү коркунучтарына каршы бирге күрөшүүгө демилгечи болмок. Эң башкысы, деңиздин ресурстары тынчтык максатта пайдаланылат. Бул маанилүү документке кол коюу - бардык мамлекеттердин жалпы кызыкчылыгы болууда.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии