«Отар» аскерий базасынын полигонунда жоокердик парад өттү

«Отар» аскерий базасынын полигонунда жоокердик парад өттү

Жамбыл облусундагы «Отар» аскерий базасынын полигонунда, Ата Мекенди коргоочулар  күнүнө арналган жоокердик парад өттү. Салтанаттык парадды өлкө Президенти - КР  Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку Башкы Кол башчысы Нурсултан Назарбаев кабыл алды. Мамлекет башчысы 2020-жылдан баштап өлкөнүн жалпы ички өндүрүшүнүн жок дегенде 1 пайызы коргонуу багытына жумшалышы керек деп белгиледи. Алдыдагы максат - 2030-жылга чейин элдин  калканы болгон мобилдүү, ары жогорку сапаттуу армия калыптандыруу. Президент бардык элди аталган майрам менен куттуктап, «бүгүнкү айбаттуу армиябыз өлкөнүнтынчтыгын сактап, көз карандысыздыктын коргочуусу болуу - ыйык милдет», - деп белгиледи.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КРНЫН ПРЕЗИДЕНТИ, КРНЫН КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН ЖОГОРКУ БАШКЫ КОЛ БАШЧЫСЫ:

– Аскердик туу – мекенге берилгендиктин, эрдиктин жана баатырлыктын символу. Ыйык желек ар дайым өзүнө ишенген жана татыктуу согушкерлерди жеңишке алып барган. Бауыржан Момыш уулунун "Баатырлык өскөн чөйрөгө жана көргөн тарбияга жараша калыптанат" деген сөзү бар. Биздин жарандарды патриоттуулукка тарбиялоодо негизги ролду аскердик салттар ойнойт. Ар бир жоокер, мекенин коргоочу катары өлкөсүнүн алдында чоң жоопкерчиликти сезиш керек. Мамлекетибиздин Куралдуу күчтөрүндө жаш жигиттер эле сыймыктануу менен кызмат өтөбөстөн, кыздар дагы кызмат өтөшүүдө. Андыктан бүгүнкү майрам - бул баардыгына тиешелүү.