Астана ааламдык чакырыктарды талкуулоочу дүйнөлүк борборго айланат. Бугу айынын 17синен 19на чейин Казакстанда Астана экономикалык форуму өтөт. Бул жылы ал Global Challenges Summitине айланат. Серепчилердин айтымында, бул нерсе Казакстандын эл аралык деңгээлдеги жаңы статусу жана планетардык өнүгүүсү. Форумда замандын эң олуттуу: экономикалык өсүү жана ресурстук туруктуулук, санариптештирүү жана урбанизация, узак жашоо, каржы революциясы жана коопсуздук  темалары талкууланат.

БУЛАТ СТОЛЯРОВ, ФОРУМДУН УЮШТУРУУЧУСУ:

- Бул нерсе калетсиз, EXPO-2017нин жыйынтыгы. Казакстан - бул олуттуу ааламдык мега-тренддер пайда болгон картадагы бекем чекит, ааламдык аянт. Бул нерсени уланттуу керек. Форумдун башкы максаты - бир да өлкөгө тиешеси жок, олуттуу мега-тренддер жок экендиги боюнча ачык сүйлөшүү.

Боло турчу форумдун олуттуулугу жеке эле каралып жаткан темаларда эмес, спикерлерде да. Уюштуруучулардын айтымында, бул АЭФ «жүз жылдыздардын» форуму болот. Астанага алдыңкы дүйнөлүк эксперттер: бийик деңгээлдеги саясатчылар, атак-даңктуу окумуштуулар, экономисттер, ири корпорациялардын негиздөөчүлөрү - бир сөз менен айтканда илимдин жана ишкердик дүйнөнүн бомонддору чогулат.

УРАЗГАЛИ СЕЛЬТЕЕВ, КР ТУНГУЧ ПРЕЗИДЕНТИНИН ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ДЭЖИнин АЛДЫҢКЫ ЭКСПЕРТИ:

- 10 жыл ичинде аталган форум өзүн дүйнөлүк деңгээлде саясатчылар жана азыркы экономисттердин арасында  олуттуу форум катары көрсөтө алды.  Жыл сайын АЭФге 100 өлкөдөн, 7 миңге жакын катышуучу келээрин айта кетели. Форумда салт катары экономикалык багыттагы бир канча Нобель сыйлыгынын ээлери да катышат.

Конгресстин 10 жылдык ишмердүүлүгүндө 150 өлкөдөн 50 млн делегат катышты. Алардын ичинде 20дан ашуун Нобель сыйлыгынын ээлери жана 30 дүйнөлүк деңгээлдеги чет элдик саясатчылар. Форумдун алкагында 300 меморандумга кол коюлуп, 20 млрд доллардан ашуун суммага келишим түзүлгөн. Бул жолу да АЭФ ааламдык өнүгүүдө стратегияларды иштеп чыгуучу аянт болуп берет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии