Global Challenges Summit 2018ге рекорддук сандагы эксперттер келет. 20 өлкөдөн 500 конок келери тастыкталды. Алар саясатчылар, окумуштуулар жана экономисттер, журналисттер жана дүйнөлүк деңгээлдеги коомдук ишмерлер, эл аралык уюмдардын, каржы институттардын өкүлдөрү жана бизнес-элиталар.

Форумга APPLE компьютердик компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, инженер жана программист - Стивен Возняк келээрин тастыктады. 1976-жылы ал Рональд Уэйн жана Стив Жобс менен биргеликте компьютердик төнкөрүштү бащтаган. Технологиялардын өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн Стив Возняк дүйнөнүн алдынкы техникалык  университеттеринде 10 доктор наамына ээ болгон.

*********************************

АЭФдин дагы бир спикери - БУУнун сегизинчи Башкы катчысы Пан Ги Мун. Ал 40 жылдан ашуун дипломатиялык айдыңда иштеп келет. Анын жардамы менен дүйнөдөгү олуттуу көйгөйлөр чечилип, дүйнөдө тынчтык орнотулган.

********************************

Дагы бир конок - Франсуа Олланд. Ал  Францияда олуттуу реформаларды жүргүзгөн. Ал Франция экономикасынын өсүшүнө жана атаандаштыкка туруштук бере тургандай деңгээлге алып чыкты. Олланддын башчылыгынын алдында, 2015-жылы Парижде дүйнөлүк климаттык келишим кабыл алынган.

*******************************

Митио Каку - япон улуттундагы америкалык физик, кыл теориясы жана заманбап дүйнө тааным концепциясынын автору. Көптөгөн китептердин автору, бизди курчап турган айла-чөйрөнүн оор илимий теорияларын окурмандардын калың катмарына жеңил тилде жеткирүү башкы максаты деп билет.

*******************************

АЭФге британиялык геронтолог, SENS илимий фондунун төрагасы – Обри ди Грей да келет. Ал медицина тармагында адам-затына керектүү болгон негизги ойлорду камтыган, илимий-популярдуу «Ending Aging» китебинин автору.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии