Дүйнөлүк дин уюмдарынын башчылары Астанага келишет

Дүйнөлүк дин уюмдарынын башчылары Астанага келишет

Казакстанда алтынчы жолу өтө турган дүйнөлүк конфессиялар жыйыны белгилүүлүк артып барат. Ушуга ылайык  дүйнөлүк уюмдардын көч башчылары Астанада биригишет. Алардын катарында Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар альянсынын Жогорку өкүлү Насир Абдулазиз Аль-Насер жана «Диндер тынчтык  үчүн»  дүйнөлүк  уюмунун баш катчысы Уильям Вендли бар. Бул тууралуу алар дүйнөлүк жана салттык диндер башчыларынын VI съездине арналган БУУ форумунда маалымдашты.

Эсиңиздерге сала кетсек, алгачкы  съезд 2003-жылдын аяк оона айында Астанада өткөн. «Нурсултан Назарбаевдин бул демилгеси дин аралык диалогдун дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүүсүнө жол ачты. Ишеним жана өз ара түшүнүү негизинде курулган форум зордук-зомбулукту, диний экстремизм менен терроризмди жеңүүгө жардамдашат». Бул тууралуу Казакстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү жана Цивилизация Альянсы уюштурган форумдун катышуучулары айтышты. Эң башкы иш-чаранын катышуучулары, Казакстандын белсиндүү сырткы саясатын жогору баалап, 15 жыл катары менен Ааламдык дин уюмдарынын  башчыларын башын кошууга демилгечи болуп олтурганына ыраазычылыгын  билдиришти

УИЛЬЯМ ВЕНДЛИ, «ДИНДЕР ТЫНЧТЫК ҮЧҮН» ДҮЙНӨЛҮК  УЮМУНУН БАШ КАТЧЫСЫ:

 - Мен бардык өмүрүмдү ушул дүйнөлүк диндер арасындагы ынтымактуулукка арнадым. Бул багытта Казакстандын эмгеги өзгөчө. Ааламдык жана салттык диндер башчыларынын өткөн съездине катыштым. Келечекке бейпил кадам жасоого багытталган  форумдун ар бир эл үчүн  жемиши мол болот. Түрдүү дин өкүлдөрү мурда ушунча масштабда, эч бир элде, эч бир жерде баш кошкон эмес. Мен кийинки күздөгү форумга сөзсүз келем. Казакстан дүйнө элдери үчүн ат көтөргүс иш кылып жатат. Казакстандын иш аракеттерин көрүп чындыгында ичим жылыйт.