Астана дүйнөнүн көңүл чордонунда

Казакстандын борбору кайрадан дүйнөнүн көңүл чордонунда. Бугу айынын он жетисинен, он тогузуна чейин  Астанада белгилүү саясатчылар, экономисттер, ар кайсы өлкөнүн окумуштуулары экономикалык форумда чогулушат. Форумга беш миңге чукул делегат келээри күтүлүүдө. Алардын арасында америкалык эксперттер да бар.  Айтмакчы бул жылдагы АЭФ Global Challenges Summit айланат. Ошондой эле бул форумда  дүйнөлүк масштабдагы суроолор каралат. Чет өлкөлүк аналитиктердин пикиринде, көңүлдү көп тарапташтарды чогултуп жаткан G-Global маалымат-коммуникациялык аянтка буруу керек.

АЙЗЕК РЕШАД, ЭКСПЕРТ/ АКШ/:

- G-Global - жеке жана мамлекттик секторлорду бириктирип, бейөкмөт уюмдарды катыштырып, Жибек-Жолун кайра жандандырууга багытталган мыкты иш жасап келүүдө. Ошол эле учурда жаңы идеялар туулуп, жаңы технологиялар менен коштолууда. Биз G-Global жолу менен дагы да иштешкибиз келет. Биз бир үй-бүлө сыяктуу башка мамлекеттер менен технологияларды алмаштырууну көздөп жатабыз.

Global Challenges Summit 2018де  10дон ашуун мамлекеттен 500 спикер сөз сүйлөйт. Астана Экономикалык форумунун расмий сайтында 6 миңден ашуун колдонуучу катталган.  Бул жылы веб-баракча жаңыланды. Порталда жеке эле катышуучулар, өнөктөштөр, форумдун программасы эле эмес, акыркы изилденген темалар да жарыяланып турат. Күн сайын сайтка бүт дүйнө жүзү боюнча 26 миң колдонуучу кирет. Жакынкы арада порталда эксперттердин ою да  камтыла турган болот.

САМАЛ ИБРАЕВА, КР УЭМ МААЛЫМАТ КАТЧЫСЫ:

- Жеке эле сайттын дизайны эмес, сайттын контентинин толуктуулугун да белгилей кетсек болот. Биз сайтты жакшыртуу үчүн дагы да иштерди улантабыз. Сайттын ишмердүүлүгү кийинки жылга чейин үзгүлтүксүз болот. Форумга катышууну каалагандардан өтүнмө фейсбук жана сайтыбызга да келип түшүүдө. Бул жерге алар өзү тууралуу маалымат берип, каттоодон өтүшөт. Биз сайттын ишмердүүлүгүн жеке эле казак, орус, англис тилдеринде эле эмес, француз жана кытай тилдери менен толуктайбыз.

Белгилей кетсек, 2008-жылдан бери Астана Экономикалык форумуна 150 мамлекеттен 50 миң делегат катышты. Быйыл Глобал челлендж саммит алкагындагы эксперттердин талкуусу онлайн жеткиликтүү болот. Демек форумга келе албаганда расмий сайттан же мобилдик тиркемелерден түз көрүп алууга мүмкүн.