Казакстан менен Франция саясий жана э кономикалык өнөктөштүктү жакшыртууну улантышат. Өткөн жылы эки өлкөнүн сырткы соодасы 3 миллиарддан ашты. Казакстан Францияга 3 миллиард долларга чукул экспорт жасады. Франция болсо Казакстан экономикасына 14 миллиард инвестиция кылган.

ЖЕНИС КАСЫМБЕК, КР ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯ МИНИСТРИ:

 - Франция Казакстанга инвестиция кылган 5 өлкөнүн катарына кирет.  Бул жерде 40 ири компаниянын өкүлдөрү чогулду. Бул компаниялар,  Авиация жана автоунаа куруу, нефть-газ тармагы боюнча иш алып барышат. Бүгүн премьер-министр кызыктырган суроолордун баарына жооп берди. Биз Казакстанга Франциядан бизнесмендерди жана инвестицияларды тартабыз. Алар кайрадан биздин өлкөгө келүүгө кызыктар экенин билдиришти.

Казакстан жана Франция жакынкы арада жаңы долбоорлорду баштаарын белгилей кетели. Бул долбоорлор Казакстанда иш жүзүнө ашат. Дүйнөлүк деңгээлдеги соода борборлорун ачуу пландалууда.  Инвестор жана бизнесмендер, жаңы энергетика - тагыраак айтканда күн энергиясын иштетүүгө кызыктар. “Еврокоптер” компаниясы бирге иштешүүгө даяр экенин билдирди.

ЕРЛАН ХАЙЫРОВ, КР ИНВЕСТИЦИЯ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

 - Еврокоптер 3 багытта иштешүүнү сунуштады, билим берүү  жана Тик учак башкаруу багыттары да ушунун ичинде. Абдан кызыгууну жараткан багыт аскердик коргонуу ишмердүүлүгү. 3-багыт космостук-илимий өнөктөштүктү бекемдөө.

Мамлекеттер соода, энергетика, мунай-химия, айыл-чарбачылыгы жана тоо-кен өнөр жайынын ишмердүүлүгүн кайрадан иштетүү, жарандык авиация, туризм, стандартизация жана башка тармактардагы өнөктөштүктү бекемдешет. Франциянын капиталынын жардамы менен Казакстанда 140тан ашуун ишкана ийгиликтүү иштеп келе жатат.

МУНИРА АРТЫКБЕКОВА, «ФРАНЦИЯ-КАЗАКСТАН» СООДА-ИШМЕРДҮҮЛҮК ПАЛАТАСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бул чогулуш Франция менен өкмөт арасындагы эки жактуу байланыштын көрүнүшү. Эки эл арасында соода-экономикалык байланыш өнүгүп келет. Бул бизнестин билим багыты, санарип Казакстан  программасына катышуусуна жол ачат.

Казакстан менен Франция технологиялык модернизация, санариптештирүү, инновацияларды өнүктүрүү маселелери талкууланат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии