Кайрылуу: Мугалимдердин аброюн жогорулатуу

Мугалимдердин беделин жана окуу мекемелериндеги профессионалдык даярдык сапатын көтөрүү. Казакстан элине жолдогон кайрылуусунда Өлкө башчысы “Педагог аброю тууралуу” Мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Нурсултан Назарбаевдин айтымында, документ педагогика ишмердүүлүгүндөгү бир катар кайчы пикирлерди жоюуга өбөлгө болот. Адистер, билим берүү системасында модернизация кылуу үчүн мугалимдердин да кошумча жардамы керек деген пикирде. Бул алдыңкы технологияларды колдоно билүү эле эмес, өз билимин да жакшыртып, тажрыйбасын өстүрүү. Бул тууралуу мугалимдердин фестивалында сөз болду. Быйылкы жылдан баштап биринчи жолу колго алынган демилгеге республиканын ар кайсы аймагынан 25 окутуучу катышты. Анда сабак өтүүдөгү ноу-хаулар тааныштырылды. Жеңүүчүлөр алдыдагы жылы Португалияда өтө турган Европалык сынакта өлкө намысын коргойт.

ШЫҢГЫС НУРЛАНОВ, РЕСПУБЛИКАЛЫК ФИЗИКА-МАТЕМАТИКА МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Эл башыбыз өзүнүн кезектеги кайрылуусунда билим берүү сапатын жана мугалимдердин макамын жогорулатуу тууралуу кеп козгоду. Бизди билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр күтүп жатат. Бизге кайсы жакка жана кайсы багытта кадам ташташыбыз керектиги боюнча так тапшырмалар берилди. Ошондуктан алдыбызга коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн көп аракет кылышыбыз керек деп ойлойм.

ЕРСИН АДИЛБАЕВ, МЕКТЕП-ИНТЕРНАТ ОКУТУУЧУСУ:

- Өлкө башчыбыздын Казакстан элине кайрылуусунда мугалимдердин аброюн жогорулатууга, ошондой эле билим берүү тармагында инновациялык системаларды киргизүүгө терең маани берди. Президент өз сөзүндө студенттерди илим-билимге кызыктырууда мугалимдердин ролу жогору экенин баса белгилеп өттү. Дал ушундай аракеттердин артында мугалимдердин макамы жогорулайт деп толук ишенем.