Президенттин кайрылуусу: Казакстанга инвестиция тартуу

Көз карандысыздык жылдар аралыгында Казакстанга 300 миллиард АКШ доллар көлөмүндө түз чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Өлкө Башчысы Казакстан элине арнаган кайрылуусунда ушундай маалымат келтирди. Бул дүйнөлүк ири компаниялардын республика экономикасына ишенимдүүлүк менен карай турганынын бир далили. Казакстандын башкы инвесторлорунун бири – Улуу Британия долбоорлорго болжол менен 13 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө каржы салган. Британдык инвесторлордун кызыгуусу чийки зат сектору менен чектелбейт. Чет өлкөлүк ишкерлерди Казакстанда түзүлгөн ыңгайлуу инвестициялык жагдай кубандырат.

КРИСТОФЕР МАРКС, КАРЖЫ КОМПАНИЯСЫНЫН ӨНҮГҮҮЧҮ РЫНОКТОР БОЮНЧА БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Менин оюмча, Казакстан өкмөтүнүн стратегиялык программаларында таң калтыра турган жагдай – маселенин өзөктүүлүгү жана келечекке болгон анык багыт. Бул – англис инвесторлор фонду үчүн абдан мыкты месседж. Анткени алар үчүн тактык менен ишенимдүүлүк керек.

Президент өз Кайрылуусунда ири жана жигердүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк инвесторлор менен биргелешип чийки эмес зат секторуна бөлүнө турган түз инвестиция фондун түзүү маселесин караштырууну тапшырды. Ушул багытта Казакстан ыңгайлуу инвестициялык климатты калыптандыруу аракеттерин улантышы керек, дейт. Бул багытта өлкө өкмөтү аткарып жаткан иштер азыркы тапта чет өлкөлүк серепчилердин жогорку баасына ээ болуп жатат.

УРБАН РУСНАК, ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ХАРТИЯ КАТЧЫЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Мамлекеттин өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү арбын. Инвестицияга жакшы шарттар түзүлсө, алардын иштөөсү жеңилдейт, инвестиция да арзанга түшөт. Бул калк үчүн да, инвесторлор үчүн да пайдалуу. Казакстанда жогорку деңгээлдеги Чет өлкөлүк инвесторлор кеңешинин түзүлгөнү абдан сонун, мен анын отурумдарына бир нече жолу катыштым. Ушундай иш-чараларды көрүп, Казакстандын экономикасынын бардык тармактарына көптөгөн инвесторлорду кантип тартканын түшүнөсүң.