Казакстан-Британ коомунун төрагасы Р. Гудманнун Мамлекет башчысынын демилгелерине пикири

Казакстан-Британ коомунун төрагасы Р. Гудманнун Мамлекет башчысынын демилгелерине пикири

Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин элге Кайрылуусу казакстандыктардын арасында эле эмес, аны менен катар дүйнөлүк серепчилердин арасында да кеңири талкууланууда. Мамлекет башчысынын демилгелерин аудитория убактылуу эмес, көрөгөчтүк жана өтүмдүү сунуштар катары эсептешет. Казакстан-Британ коомунун төрагасы Руперт Гудман, кайрылууда чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте каржылай турган Чийки эмес зат секторуна бөлүнө турган түз инвестиция Фондун куруу керек деген пикирди колдойт. Казакстан-Британ коому Астананын соода-экономикалык жана маданий демилгелерине ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.

РУПЕРТ ГУДМАН, КАЗАК-БРИТАН КООМУНУН ТӨРАГАСЫ:

- Нурсултан Назарбаевдин кайрылуусунда инвестицияларды мунайга катышы жок тармактарга багыттоо тууралуу айткан идеясы көңүлгө жагаарлык. Бул Казакстан экономикасын ар тарапуу кылууга көп жардамын тийгизет. Ошондой эле кайрылууда адам капиталына инвестиция салуу тууралуу да өзөктүү айтылган. Анткени өлкө келечеги кадрларга түз байланыштуу.

Аны менен катар, эл аралык  серепчилер Казакстанды геосаясат менен геоэкономикада көптөгөн жемиштүү эл аралык долбоорлордун демилгечиси катары санашат. Республика дүйнөдөгү өтө татаал экономикалык жана саясий кыйын кырдаалдарга карабастан, эл аралык сахнада өз ордун таап, лидер катары таанылып келе жатат. Дүйнөлүк Түрк элдер конгрессинин  президенти  маалымдагандай, Казакстан Республикасынын башчысынын жылдык Кайрылуусу ар дайым өлкөнүн ички реформаларына түрткү берип келет.

ЯХЪЯ АЛИЕВ, ДҮЙНӨЛҮК ТҮРК ЭЛДЕР КОНГРЕССИНИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Мен Нурсултан Назарбаевдин кайрылуусу Казакстан элине эле эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнө кайрылуу деп билем. Анткени кайрылууда ички саясат менен бирге тышкы саясат да кеңири камтылган. Бул Президент Назарбаевдин азыркы дүйнөлүк таңкыстыктан пайда болгон каржылык кыйынчылыктарга карабастан жаңы фонддорду таап, аларды казакстандыктардын ал-акыбалын жакшыртууга жумшоо иш-аракети деп айтаар элем.