Президенттин кайрылуусу: Серепчилердин пикири

Астананын Борбор Азиядагы аймактык каржы хабы катары келечеги кең, дейт британдык серепчилер. Эскерте кетсек, Казакстан президенти быйылкы кайрылуусунда Астанадагы жаңы борбордун өнүгүшүнө өзгөчө токтолду. Лондондогу ири ишкердик жана каржы борборунун серепчилери «Астананын» казакстандык бизнести чет өлкөлүк инвестициялар менен камсыз кыла алаарына ишенимдүү жана бардык маселе боюнча колдоого даяр.

ШЭРРИ МАДЕРА, ЛОНДОН СИТИНИН АЗИЯ БОЮНЧА ЭКОНОМИКАЛЫК  ӨНҮГҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШЧИСИ:

- Менимче, Казакстан – чындыгында Борбор Азиядагы эң маанилүү аймактардын бири. Өлкөнүн өнүгүү жолу өзгөчө жана өз чөйрөсүндө атаандашы жок. Бул ааламдык каржы борбор болууну ойлогон Астана үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Албетте, бул тармакта Лондон Ситинин тажрыйбасы бир аз көбүрөөк. Менин оюмча, биз  «жашыл» каржы, Финтех, ислам каржылоосу жана башка да багыттар боюнча ар дайым кубануу менен жардам бере алабыз.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда санариптештирүүгө тыкыр маани берип, «колмо-кол акчасыз» экономикага өтүү керектигин айтты. Ушул багытта стратегиялык өнөктөш Кытайдан үйрөнө турган нерсе арбын. Чыгыштагы коңшу өлкөнүн интернеттеги соода-сатык, электрондук коммерция багытында тажрыйбасы мол.

СЮЙ ХАЙЯН, КЫТАЙ КООМДУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ, САЯСИЙ ОКУМУШТУУЛАР ИНСТИТУТУНУН  СЕРЕПЧИСИ:

- Биз өндүрүштүк экономикадан, санариптик жана интернет экономикага өттүк. Бул тармакта көптөгөн инновация жетиштүү. Мисалы, азыр Кытай колмо-кол акчасыз эсеп-кысап кылуу боюнча дүйнөдө алдыңкы сапта. Телефон тиркемеси менен төлөө, онлайн соода элге абдан ыңгайлуу. Казакстандын да ушул тармакка маани бере баштагынын байкап жатабыз. Экономиканы өнүктүрүү убакыт талабына ылайык өзгөрүшү керек.