«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Дана Башиваева

Казакстанда «100 жаңы ысым» долбоорунун тандоо мезгили уланууда. Бул жолу жаштарга басым берилүүдө. Улуттук долбоордо багын сынап, мыкты жүздүктүн катарынан орун алгандардын ичинде дасыккан дарыгер Дана Башибаева бар. Бейтапка жардам көрсөтүүнү бала кезинен баштап кыялданган Дана, өз билимин жогорулатуу максатында чет өлкөгө чыгып, тажрыйба топтоп келген. Бүгүнкү күндө көкүрөгүндө коркунучтуу шишик пайда болгон аялдарга колунан келишинче медициналык жардам көрсөтүп, кеңеш берип келет.

ДАНА БАШИБАЕВА, ОНКОМАММОЛОГ:

- Күн сайын амбулаториялык кабылдоо өткөрөм. Шишик коопсуз, башкача айтканда, коркунучтуу болбосо операция жасайм. Сүт безине толук текшерүү жүргүзөбүз. Бирок, эң башкысы ушул оорунун алдын  алууга маани берем.

Оорунун алдын алуунун негизги жолу – элдин сабаттуулугун жогорулатуу. Ошол үчүн Дана социалдык тармакта тажрыйбасында кездешкен жагдайларды жана үйрөнүп–билгендерин көпчүлүк менен бөлүшүп, окурмандардын суроолоруна жооп берет. Бүгүнкү күндө жаш дарыгердин жеке баракчасына 60 миң адам катталган. Ушул аркылуу Дана энелерге сүт бези шишигинин алдын алуу тууралуу кеңеш берип, убактылуу текшерилип турууга чакырат.

ДАНА БАШИБАЕВА, ОНКОМАММОЛОГ:

- Тилекке каршы аялдар текшерүүдөн коркушат. Жаман оорунун белгилерин байкаса да аны дарылоо үчүн убакытты созуп жүрө беришет. Дарыгердин алдына оорусу күчөгөндө гана келишет. Мен коомдук желеде шишик канчалык эрте аныкталса, толугу менен дарылоо мүмкүнчүлүгү ошончолук көп экенин түшүндүрүүгө аракет кылам.

Дана Башибаеванын медицина тармагында эмгектенип жүргөнүнө сегиз жыл болду. Ушул убакыт аралыгында жаш дарыгер  бейтаптардын алкышына ээ болууга жетишти. Айтымында, мындай долбоор адамды шыктандырып, жумушка болгон куштаарлыгын арттырат.