«Казакстандын 100 жаңы ысымы» II сезон: Актөбө чөлкөмүнөн 101 өтүнмө келип түшкөн

«Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун экинчи сезону башталды. Ага өлкө аймактарынан өтүнмөлөр келип түшүүдө. Мисалы, бир эле Актөбө чөлкөмүнөн 101 өтүнмө келип түшкөн. Алардын ичинен 64 адам тууралуу маалымат тандалып, атайын комиссиянын кароосуна жиберилди. Мыкты делген 19 талапкер тандалып, алар атайын добуш берүүгө катышат. Маалымат жана коммуникациялар министрлиги менен Казакстан элдеринин Ассамблеясы биргелешип өткөрө турган иш-чаранын максаты – өлкө өнүгүшүнө салым кошуп, башкаларга үлгү боло турган инсандарды элге таанытуу. Бул үчүн демилгечи топтор элди аралап, калктын пикирин билишкен. Татыктуу талапкерлерди ишканалар жана мекемелер да сунушташкан. Онлайн добуш берүү El.kz порталында өткөрүлөт.

БАКЫТГҮЛ СЫНАБАЕВА, ОБЛУС АКИМЧИЛИК АППАРАТЫНЫН «КООМДУК КЕЛИШИМ» КММ ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Баш оона айынан баштап Актөбө облусунун бүткүл жашоочуларынан талапкерлерди чогултканбыз. Алар ар түрдүү тармактын адистери. Ишкерлер, искусство жана маданий кызматкерлер, журналисттер да бар. Анын ичинде Казакстан элдеринин Ассамблеясынан 3 өкүл, этно-маданий биримдиктин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да бар.