Президенттин кайрылуусу: Билим берүү тармагы

Келечектеги сенин ийгилигиң жаш чагыңдан башталат. Ошондуктан Өлкө башчысы билим берүү тармагына өзгөчө маани берип жатат. Нурсултан Назарбаевдин пикиринде, билим берүү тармагындагы дасыктыруу талаптары менен билим берүү ыкмаларын карап чыгуу зарыл. Эми мамлекеттик мекетептерде билимди жаңыча алышат. Алардын бардыгы Назарбаев Интеллектуалдык Мектептеринин усулу боюнча билим деңгээлин жогорулатышат. Мындан сырткары, жогорку билим берүү системасында мекемелер тарабынан академиялык эркиндик берилди. Бирок, ошол эле учурда  университеттерде билим сапатына болгон талаптарды жогорулатышат. Ошондой эле Президент, Казакстанда Назарбаев Университет эрежелерине негизделген дагы бир жогорку окуу жайын түзөт. Ал политехникалык болушу толук мүмкүн.

АСИМА БИМЕНДИНА, ХОЛДИНГ “ИШКЕР”  УББА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин орто билим берүүнүн Назарбаев интеллектуалдык мектептердин негизинде иштөөсү сунушталды. Себеби, азыркы тапта ал көп тажрыйба топтой алды. Ал эми биздин жогорку окуу жайларыбыздын деңгээли бүтүрүүчүлөрдү жумушу менен камсыздоо талаптары менен ченелет. Эгерде өз ордун тапса, демек алар татыктуу билим алышкан.

ГАРИФОЛЛА ЕСИМ, АКАДЕМИК:

- Эгерде бүтүрүүчүлөр керек болбосо аларды эмнеге кабыл алуу керек деген талапты койду. Тыкыр мониторинг жасап, керектүү болгон адистерди окутуу керек. Алдыда кандай  адистиктер талап кылынарын көрө билүү кажет.

Билим берүү тармагында жаңычылыктарга басымдуулук берилип, 4К моделине багытталат. Мисалы, чыгармачылыкты өстүрүү, критикалык ой жүгүртүү, коммуникабелдүүлүк жана командада иштей билүү. Казакстандык серепчилердин пикиринде, татыктуу билим берүү тармагындагы суроолорду чечүү казакстандыктарга жаңы деңгээлге чыгууга шарт түзөт. Президент педагогдун макамына тыкыр маани берүүгө чакырат.

ЕРЛАН САИРОВ, КР ПРОФСОЮЗДАР ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Эгерде биз тарыхтан артта калууну каалабасак, жаңы адамдарды тарбиялай билишибиз керек. Бул багытта педагогдор боюнча мыйзамды иштеп чыгуусу тапшырылганы абдан жакшы. Биз мугалимдердин коомдук макамын, алардын деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Мугалим жеке эле билим берүүчү эмес, улуттун тарбиячысы болушу зарыл.

Эскерте кетсек, Өлкө Башчысы Казакстан элине кайрылуусунда, беш жылдын ичинде билим берүү, илим жана саламаттыкты сактоого өлкөнүн ички дүң продукциясынан 10 пайызга чейин бөлүнөрүн белгилеп өттү. Өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилди. Серепчилер белгилеп өткөндөй, Өлкө Башчысы тарабынан белгиленген маселелер билим берүү тармагындагы көп маселелерди чечүүгө түрткү болот.