Президенттин Казакстан элине кайрылуусу

Президенттин Казакстан элине кайрылуусу

Нурсултан Назарбаев Казакстан элине кайрылуу жасады. Салтка айланган өлкө башчысынын кайрылуусунда калктын киреше булактарынын өсүшүнө, жарандардын жашоо шартынын жакшыруусуна, жашоо үчүн ыңгайлуу аймак түзүүгө, жарандардын муктаждыктарына багытталган мамлекеттик аппаратка, сырткы саясаттын эффективдүүлүгүнө жана бул жаңыртылган жараяндарга ар бир казакстандыктын катышуусуна көңүл бурду.

Өлкө башчысы белгилеп өткөндөй, экспортко багытталган индустриализация экономикалык саясаттын негизги элементине айланышы керек.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Өзүбүздүн өндүрүштөрүбүздү колдошубуз керек. Мен ата мекендик кийимдерди кийип келгем, кийип жүрөм, башкалардан 10 эсе арзан. Импорт канчалык аз болсо, өлкө ошончолук көз карандысыз. Биз нан, сүт, энергия менен камсыз кылып келебиз, бирок, башка да өндүрүштөрдү акырындык менен өстүрүү керек. Иштетүү өнөр жайы менен чийки эмес зат экспортту колдоо максатында алдыдагы 3 жылда кошумча 500 миллиард теңге бөлүүнү тапшырам. Басым берилген долбоорлорго жеткиликтүү насыя берүү милдетин чечүү үчүн Улуттук банкка аз дегенде 600 миллиард теңге көлөмүндө узак мезгилге каржы бөлүүнү тапшырам.

Мамлекет Башчысынын айтымында, Казакстан өкмөтү алдыда иштетүү тармагындагы экспортчуларды колдоого көңүл бурушу керек. Аны менен катар, ата мекендик товарларды аймактык жана дүйнөлүк рынокторго чыгарууга, ошондой эле, ишканаларга товарлардын кеңири номенклатурасын өздөштүрүүгө жардам берүүсү керек.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биздин соода-сатык саясатыбыз мокок болушун токтотушу керек. Ага биздин товарларды дүйнөлүк рынокторго чыгаруу үчүн жигердүүлүк мүнөздү берүү зарыл. Ошол эле учурда биздин ишканаларга ири товарлардын кеңири номенклатурасын өздөштүрүүгө жардам беришибиз зарыл. Башкача айтканда, жөнөкөй буюмдардын экономикасын өрчүтүү кажет.

«Бизнестин Жол картасы – 2020» чакан жана орто бизнести колдоого багытталган программа мезгили 5 жылга узартылат. Бул тууралуу да бүгүн Нурсултан Назарбаев өзүнүн кайрылуусунда белгилеп өттү. Мамлекет башчысы өкмөткө жыл сайын 30 миллиард теңге бөлүүнү тапшырды. Бул иш-аракеттер аз дегенде 22 миңден ашуун жумуш орунун ачууга мүмкүнчүлүк берет жана 3 триллион теңге өлчөмүндө өндүрүш чыгарууга түрткү болот.