«Абылай хандын кара жолу» экспедициясы аяктады

«Абылай хандын кара жолу» экспедициясы аяктады. Окумуштуулар, чөлкөм таануучулар, журналисттер жана блогерлерден түзүлгөн топ 10 күн мурда Бурабайдагы хан ордосунан касиеттүү Түркестан шаарына жолго чыгып, 5 миң чакырымды басып өтүшкөн.

МУРАТ ЫДЫРЫСОВ, ЭКСПЕДИЦИЯНЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Экспедиция жолу Петропавл шаарындагы Абылай хандын резиденциясынан башталып, Астана, Коргалжын, Баршын, Шубаркөл, Улытау, Сатпаев, Жезказган, Кызылордо, Түркестан, Чымкентте болдук. Барган жерлердин бардыгында Абылай хандын издери менен эстеликтери бар.

Экспедициянын катышуучулары Көкшетау жолдору менен да жүрүп өтүштү. Бүгүнкү күндө бул жерге асфальт төшөлсө, хан жолунун бир бөлүгү болуп кала берет.

САНСЫЗБАЙ МУКИТАНОВ, АБЫЛАЙ ХАНДЫН УРПАГЫ:

- Абылай хан заманында ушундай жол төшөлмөлөр болгон эмес, айыл аралык жолдор гана болгон. Ошол жолдор аркылуу конуш которуп, элдер менен жолугушууга барган. Ошол себептүү алар күнүнө ат менен 500-600 чакырым жүрүшкөн.

Шаарлар жана айылдарга токтогон убакытта ошол жердин жергиликтүү тургундары Абылай хандын басып өткөн жолдорун тастыкташты. Тарыхчылардын айтымында, экспедиция корутундусунун негизинде монография чыгарып, «Абылай хандын кара жолу» аттуу тасма тартылат.

ГИЗАТ ТАБЫЛДИН, КР КК АСКЕРИЙ-ТАРЫХЫЙ МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Ландшафттардын тарыхый-маданий сыпаттамасы, археологиялык сыпаттагы тарыхый объектилер жана табигый комплекстер тууралуу материалдар жыйнагы түзүлөт. Бул – туристтерди, ошондой эле этнографтар жана тарыхчыларды тарта турган көркөм багыт.

Тарыхый-таанып билүүчүлүк саякаттын алкагында экспедиция катышуучулары изилденбеген эстеликтерди, пирамида сыяктуу сепилдерди табышкан. Изилдөөчү топ байыркы хан жолдору менен жүрө турган жаңы туристтик багыт түзүү туралуу сунуш жасашууда.