Гумар Караш көмүлгөн жай Казакстандын ыйык жерлеринин тизмесине кирди

Акын, ойчул, алгачкы казак журналисттеринин бири - Гумар Караш көмүлгөн жай Казакстандын ыйык жерлеринин тизмесине кирди. Жакында туулган жери Батыш Казакстан облусунун Жанибек районунун Борсы айылынан 8 чакырымдай жерге күмбөз тургузулду. Бийиктиги 9 метр болгон объект курулушуна бийлик менен ЖМК өкүлдөрү жардам беришти.

АЗАМАТ САФИМАЛИЕВ, ЖАНИБЕК РАЙОНУНУН АКИМИ:

- Бул күмбөздүн ташы Маңгыстау аймагынан алынды. Жыйналган каражаттын суммасы 8 миллиондун айланасында, бул каражат бюджеттен эмес, жалпы өлкө жарандарынын жардамы менен фондго жыйналып, Гумар Караш фонду ачылып, каражат ошол фонддо чогулду.

Гумар Караштын аты ата мекендик тарыхта өзгөчө аталышы жөн жерден эмес. 20-кылымдын башындагы кыйын заманда өз улутунун келечеги үчүн күрөшкөн топтун катарында турган. Казактын туңгуч журналисттеринин бири катары «Казакстан» гезитинин чыгуусуна катышкан. «Мугалимге» аттуу Казакстандагы алгачкы педагогикалык басылмага башчылык кылган. Жалгыз башына бир нече өнөрдү өздөштүргөн жандын өмүрү толук изилденип бүттүбү? Бул суроону гумар таануучуларга бердик.

БАКТЫЛЫ БОРАНБАЕВА, ТАРЫХ ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ, ГУМАР ТААНУУЧУ:

- Республика деңгээлинде казак эли Гумар Карашты таанып билишти деп айтсак ашыкча айткан болобуз. Ошондуктан биздин милдетибиз Гумар Карашты жалпы казак элине таанытуу, түрк элдерине таанытуу – бул бүгүнкү изилдөөчүлөр жана окумуштуулардын алдында турган жаңы милдет.

КАЗЫБЕК КУТТЫМУРАТ УУЛУ, ЖУРНАЛИСТ, ГУМАР КАРАШ МУРАСТАРЫН ИЗИЛДӨӨЧҮ:

- Биринчи кезекте ал агартуучу болгон. Өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту. 100 жыл мурун гезит аркылуу маанилүү саясий суроолорду көтөрүп чыккан. Ал элдин кат-сабатын жогорулатуу, отурукташкан жашоонун оң жактары сыяктуу эң керектүү темаларда жазган. Анын өмүр баянын жана чыгармачылыгын изилдөө иштери улантылат.

Белгилей кетсек, жакында Гумар Караштын чыгармачылыгы боюнча 3 томдон турган алгачкы толук жыйнак жарык көрдү. Ал жерде өрнөктүү өмүрү жана чыгармачылыгына тиешелүү жаңы маалыматтар чогултулган.