«Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун II мезгилинде жаштарга басымдуулук берилет

«Казакстандын 100 жаңы ысымы»  долбоорунун II мезгилинде жаштарга басымдуулук берилет. Бул тууралуу жаштар уюмдарынын башчылары менен кездешүү учурунда «Казакстан 2050» жалпы улуттук кыймылы кеңешинин төрагасы Мухтар Манкеев кабарлады. Белгилей кетсек, азыр долбоордун сайтында катышуучулардан өтүнмө кабыл алуу башталды. Өтүнмөнү кабыл алуу тогуздун айынын ортосуна чейин уланат. Андан кийин, казакстандыктар онлайн добуш берүү аркылуу өлкөнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошуп келе жаткан казакстандыктардын жүздүгүн тандашат.

ЕЛЕНА ДМИТРИЕНКО, «КАЗАКСТАНДЫН 100 ЖАҢЫ ЫСЫМЫ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢИЧҮҮСҮ:

- Эл башыбыз сунуштаган «Казакстандын 100 жаңы ысымы» демилгеси биз үчүн мааниси зор. Себеби, бул долбоордун аркасында эл жаңы идеялар менен көзгө түшүп, ар кайсы тармактарда ийгиликтерге жетишкен жана өлкөбүздүн аброюн  алгалатып жүргөн талантту жаштарыбызды таанып-биле алышат. Биз да алардын мүмкүнчүлүктөрүн бүткүл дүйнөгө таанытуубуз абзел.