«Астана Балет» театры Миланда өнөр көрсөтүштү

«Астана Балеттин» артисттери Миландагы эң байыркы «Teatro Nuovo» театрында өнөр тартуулашты. Белгилей кетсек, бул жерде дүйнөнүн эң мыкты театралдык труппалары өнөр көрсөтүшөт. Казакстандык жамаат  өнөр баалаган италиялык коомчулуктун назарына оргиналдуу «Астана Балет Гала» программасын тартуулашты. Аталган программага улуттук  хореографиянын жаңы чечмелөөлөрү кирди.

МУКАРАМ АВАХРИ, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРНЫН БАШКЫ БАЛЕТМЕЙСТЕРИ:

- Театр жаш болгонуна карбастан жигердүү түрдө ар түрдүү репертуар топтоп чогултуп жатат. Чет өлкөгө чыкканда максаттуу түрдө «Астана Баллет Гала» программасын тартуулайбыз. Себеби бул программа биздин репертуардык саясатыбыздын негизгиси. Анын негизинде улуттук белгилүү стилдеги, жана улуттук маданияттын руху менен энергиясын камтыган номерлер бар.

Аншлаг, эмоциялар жана токтосуз кол чабуулар. Казакстандык артисттердин өнөрүнө италиялык легендарлуу «La Scala» театрынын педагог-хореографы да жогору баа берди.

АННА ОЛЬХОВАЯ, «LA SCALA»  ТЕАТРЫНЫН ПЕДАГОГ-ХОРЕОГРАФЫ:

- Жалпы мага абдан жакты. Көңүл эргитээрлик деңггээлде бийлешти. Абдан кызыктуу хореография жана абдан кооз костюмдар. Эң мыкты даярдык, солисттер азаматтар.

Көрүүчүлөрдүн эсинде өзгөчө таасирдүү музыка жана бай көркөм сүрөттөлүштөр калды.

ОЛЬГА БАРАНОВА, КӨРҮҮЧҮ:

- Музыка өтө сонун тандалыптыр, таң калтырды. Кыздар да назик, сулуу, ажайып.

Эскерте кетсек, «Астана Балет» театырынын гастролу «Руханий жаңыруу» программасынын алкагында өтүп жатат. Аталган жамаат чет өлкөлөрдө өз өнөрлөрүн тартуулоо менен «Заманбап казак маданияты ааламдык дүйнөдө» долбоорун ишке ашуусуна катышып жатышат. Белгилей кетсек бул «Астана Балет» театрынын алгачкы  гастролу эмес. Буга чейин бул труппа өз программаларын Москва, Пекин, Париж, Вена жана башка өлкөлөрдүн маданий аянтарында тартуулашкан.