Эл башынын беш демилгеси: Газдаштыруу

Президенттин 5 демилгесинин бешинчи багыты – өлкө аймактарын газдаштыруу. Ушул багытта Кызылордо облусундагы Караөзектен – Жезказган – Караганды – Темиртау - Астана аркылуу магистралдык газ түтүгү салынат. Сыр бою менен Арка айланасында 81 миң чакырымдык түтүк жайгашат. Бул 2 млн 700 миң адамды көгүлтүр отун менен камсыз кылып, Арканын экологиялык акыбалына жакшы таасир берет.

ЗИЯШ КИЯКБАЕВ, КР ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН ДЕПАРТАМЕНТ МҮДҮРҮ:

- Эл башынын тапшырмасына ылайык, 2019-жылдын аягына чейин долбоордун курулушун жыйынтыктоо керек. Азыркы тапта долбоор-сметалык документ жасалып, мамлекеттик анализге сунушталды. Бөдрөтчү мекемелер тандалып, тогуздун айында курулуш иштери башталат. 2020-жылы түтүктүн жээктеринде жайгашкан конуштарды газга кошобуз деген план бар.

Эл башынын демилгелеринин 5-багыты боюнча Түркистан облусунда да жумуш жигердүү жүрүп жатат. Быйыл Отырар районунун борбору Шауилдир менен Темир айылдарына көгүлтүр отун жеткирилет. Азыркы тапта тургундардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

ЕРЛАН АЙТАХАНОВ, ОТЫРАР РАЙОНУНУН АКИМИ:

- Сырдарыянын аркы бетинде  адам жыш жайгашкан 12 конуш бар, ага Арыс жактан газ түтүктөрү тартылат. Газ чекити Арыс аймагында бүтө элек. Ошого кошулат. Биз ага чейин тиешелүү документтерди толук даярдоо үстүндөбүз. 2020-2022-жылдары районду толугу менен газдаштыруу иштери аяктайт.

Ал эми Жамбыл облусундагы 377 конуштун жарымынан көбү бүгүнкү күндө газ менен камсыздалган. 2019-жылкы курулуш иштерин каржылоо үчүн 11 млрд 683 миллион теңгени түзгөн 10 долбоордук бюджеттик өтүнмө Энергетика министрлигине тапшырылды. 2025-жылга чейин газдаштырылган конуштардын саны 354кө жетип, жалпы 94 пайызы камтылат.

НУРБАЙ ТИЛЕГЕНОВ, ОБЛУС АКИМДИГИНИН ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТКЧ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- 2025-жылга чейин 171 айылды газдаштыруу көздөлүп жатат. Былтыр Талас районунун 5 айыл, Сарысу районунун 4 конушун газга кошуу иштери башталган. Тендер жүрүп, бөдрөтчү аныкталган.

Атырау облусунан алыста жайгашкан конуштарды газдаштырууга өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Облустун Махамбет, Исатай жана Кызылкөк райондорунун эң алыс айылдарына магистралдык газ түтүктөрүнүн планы жасалып жатат. Ушундай шарттар аркылуу ушул үч районго караштуу 34 айылдын тургундары көгүлтүр отун менен камсыз болушат. Жалпы аймактагы конуштардын 93,3 пайызы толук газ менен камсыз болушат.