Павлодар облусунда «Qazaq-camp» аттуу ден соолукту чыңдоо мезгили ачылды

Улуттук баалуулуктар даңазалана турган жайкы лагерь. Павлодар облусундагы окуу жана ден соолукту чыңдоо борборунун базасында «Qazaq-camp» аттуу ден соолукту чыңдоо мезгили ачылды. Бул жерде эс алуучулар табият менен жуурулушкан казактын байыркы турмуш тиричилигине кайра кайтышат.

НУРЖАН ЕЛЕУ УУЛУ, ЭМГЕК САБАГЫНЫН МУГАЛИМИ:

Камчыны даярдоого биздин ата-бабаларыбыз көп ыкмаларды колдонушкан. Терини иштетип, аны абдан ичке кылып, ошол эле учурда бекем кылуу керек. Дал ушул камчы жасоо ыкмаларын кайра кайталап, өсүп келе жаткан муунга үйрөтүүгө аракет кылып жатабыз.

Архитектуралык өнөр казактардын жашоосунун бир бөлүгү болуп келген. Идиш-аяк, боз үйдүн жабдыктары, курал жарактары чеберчилик менен жасалып, муундан-муунга өткөрүлүп келген. Бай мурастардын катарында улуттук тамак-аш да бар.

АЙДАНА МАХМУТ КЫЗЫ, ОКУУЧУ:

- Мага баары жагат. Биз бул жерде казактын улуттук тамактарын бышырабыз. Күнү-түнү биргебиз жана алты бакан тебебиз. Бул жерде телефон, вай-фай деген нерселер жок, ошондуктан көп сүйлөшөбүз, тоого чыгып саякаттайбыз.

Кийиз менен иштөө, тигүү жана үй эмеректерин жасоо. «Qazaq-camp» программасында казактын негизги дөөлөтү болгон бүркүт жана казак иттери  менен таанышуу да бар. Баянаулдук бүркүтчүлөр алгыр куштар тууралуу кызыктуу уламыштары менен бөлүшүштү.

ЕРСИН КОЖАХМЕТОВ, БҮРКҮТЧҮ:

- Бул бүркүттүн аты Найзатуяк. 2017-жылы ал Казакстанда өткөн алгыр куштардын жарышында алдыңкы орунга жетишкен. Мен аны жапайы жаныбарларга салуу аркылуу таптап келе жатам.

НУРСАГАТ ЕРМЕКОВ, ЖАЙКЫ ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЛАГЕРИНИН БАШЧЫСЫ:

- Биздин балдар боз үйлөрдө жашашат. Албетте ата-энелеринин уруксаты менен. Биздин башкы максат дал ушунда жатат. Бул жактагы балдар этномадапий атмосферага чөмүлүшөт. Ар тармактуу үзгүлтүксүз ийримдерди өткөрүп, скаут кыймылдарын өнүктүрөбүз.

«Руханий жаңыруу» программасынын алкагында уюштурулган лагерь азыр үчүнчү мезгилин баштады. Билим башкармачылыгы келечекте «Qazaq-camp» лагерин эл аралык деңгээлде уюштуруу милдетин коюп жатышат.