Тарыхый-маданий мурастар толукталды

Алматыда архитектурасы мыкты бир-нече тарыхый-маданий имараттар мурастар тизмесине кирди. Алардын ичинде өзгөчө стилде салынып, шаардын көркөмдүүлүгун ачып турган объекттер көп. Алардын бири - пайдубалы мындан 35 жыл мурун түптөлгөн аппараттык-студиялык комплекс. Ата мекендик телевидение тарыхында маалымат таратуу борбору катары курулган алгачкы объекттердин бири жана уникалдуусу. Имаратты ата мекендик архитекторлор долбоорлогон. Дубалдары айнек менен капталып, түркүктөрү гранит таштар менен бекемделген объект - шаардагы бийик жерлердин биринде салынган. Алыстан көз жоосун алган имаратты шаар тургундары мөңгүлөргө да окшотушат. Анткени, мунарага илинген оймолуу таштар ири курулушту муз менен каптап тургандай элес калтырат.

АЛЕКСАНДР КОРЖЕМПО, «АСК-2» ДОЛБООРУНУН АВТОРУ:

- Биз анын долбоорун узак даярдадык. Болгону архитекуралык-курулуш бөлүгүн даярдадык. Технологиялык жабдыктарды Москвадагы байланыш институтунун кызматкерлери орноткон.

Шаар башчылыгы шаардын ажарына көрк кошкон объекти өзгөчө коргоого алып, атайын макам ыйгарган. Жалпы шаардын тарыхый-маданий мурастарынын тизмеси жакында дагы 5 объект менен толукталат. Алардын катарында тунгуч президент атындагы сейил бак, «Алматы Арена» муз комплекси, Өмүрбек Жолдасбеков атындагы стунденттер сарайы, Алматы технология жана бизнес университети, Казакстан менеджмент, экономика жана божомолдоо институтунун имараты бар.

КАРЛ БАЙПАКОВ, КР УЛУТТУК ИЛИМ АКАДЕМИЯСЫНЫН АКАДЕМИГИ:

- Критерийлер абдан көп. Ал ошол доордун стилине шайкеш келиши керек болгон имараттын көрүнүшү. Ошондой эле имаратты оригиналдуу кыла турган кандайдыр бир өзгөчөлүгү болууга тийиш.

Азыр Алматыда 100дөн ашуун объект тарыхый-маданий мурастар тизмесине кирген. Ага кошо 31 эстелик мамлекеттик коргоого алынган. Адистер аталган имараттарды оңдоо иштери компетенттүү мекемелердин уруксаты менен жүргүзүлөт, дешет. Ал эми сырткы кейпин өзгөртүүгө такыр тыюу салынган. Анткени, шаар тарыхынан кабар бере турган бул объекттер баштапкы калыбын сактап калууга тийиш.