«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Медет Чотабаев - Kazakh TV

«Кыз жибек» операсындагы Төлеген, «Мадам Баттерфляйдагы» Пинкертон, «Травиатадагы» Альфред, «Богемадагы» Рудольф. Ушул каармандардын бардыгы - «Астана опера» театрынын жетекчи солисти Медет Чотабаев сахнада ойногон инсандар.

Чотабаев ийгиликке жетүүнүн сыры тынымсыз эмгекте, деп билет. Анын «100 жаңы ысым» долбоорунда жеңүүчүлөрдүн катарынан көрүнгөнү да ошол эмгектин натыйжасы, дейт. Анын айтымында, мындай иш-чаралар жаштарды мекенди сүйүүгө, эмгекчилдикке, билимдүү жана ийгиликтүү болууга үгүттөйт.

МЕДЕТ ЧОТАБАЕВ, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН ЖЕТЕКЧИ СОЛИСТИ:

- Элдин мага ишенгени, менин чыгармачылыгым бааланганы кубандырды. Албетте ушундай долбоорлор керек. Келечекке, урпагыбызга, биздин  мекенибизге. Жаштарга жол ачат.

«100 жаңы ысым» долбоорунун жеңүүчүсү Медет Чотабаев азыркы тапта Австралияда өнөр тартуулоого даярданып жүрөт. Казакстандык өнөр жылдызы композитор Рихард Вагнердин эң белгилүү «Нюрнбергские мейстерзингеры» операсында Давиддин  партиясын аткарат. Буга чейин ал дүйнөнүн бир-нече өлкөсүндө казак, орус, италия, француз, англис жана испан тилдеринде өнөр көрсөтүп келген. Ал эми бул опера немис тилинде болот. Ошондуктан Чотабаев партиянын аткаруу техникасына өзгөчө маани берип, олуттуу даярданып жатат.

МЕДЕТ ЧОТАБАЕВ, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН ЖЕТЕКЧИ СОЛИСТИ:

- Ушул тогуздун айынын башында Австралияга учамын. 2 айдай ошол жакта болом. Бир ай даярдануу болот, сахнага коюу ошондой. Экинчи айда спектаклдер башталат. Даярдануулар Сиднейдин опера театрында болот. Спектаклдер болсо Мельбурнда өтөт.

Казакстандын эмгек сиңирген кызматкери Медет Чотабаев дароо 2 сыйлыкка ээ болду. Алгачкысы Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти – Эл башынын маданият тармагындагы Мамлекет стипендиясы. Ал эми «Италия жылдызы» ордени эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн тапшырылган.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии