«Музей ишинин чыгааны» долбоору - Kazakh TV

Казакстанда биринчи жолу музей иштеринин адистерине энциклопедия чыгарылат. Бул долбоор “Руханий жаңыруу” долбоорунун алкагында Казакстан Улуттук музейи тарабынан ишке ашырылып жатат. Анын максаты – музей тармагынын деңгээлин жана аброюн көтөрүү. Аталган эмгекке 10 жылдан ашуун тажрыйбасы бар өз ишинин мыктыларынын жана көрүнүктүү инсандар тууралуу маалыматтар кирет. Ал 2 тилде жазылат. Демилгечилердин айтымында, бул энциклопедия  музей жана маданий мекемелердин алмашылгыс адистештирилген басылмасы болот. Китептин тушоо кесүүсү ушул жылдын аяк оона айына белгиленген. Аталган мааракеде энциклопедияда белгиленген музей ишинин эмгек сиңирген кызматкерлерин сыйлоо да каралган.

РЫСКҮЛ БЕКТАЛИЕВА, КР УЛУТТУК МУЗЕЙ ФОНДУНУН БАШКЫ САКТООЧУСУ:

- Музей - бул биздин маданий баалуулугубуз. Биздин өлкөдө 238 музей бар. Алардын көпчүлүгү Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин ачылган. Музейлер - Эгемендүүлүктүн негизги жемиши. Бул биздин тарыхый-маданий салттарды жогорулатууда жана ушул тармактын мыктыларын аныктоодо өтө маанилүү долбоор болот.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии