«Казакстандын 100 жаңы ысым»: Елена Дмитриенко

«Руханий жаңыруу» программасынын алкагында «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун алгачкы сезонунда 102 адам жеңүүчү аталган. Тандоо алкагында 340 миңден ашуун жаран өзү тандаган талапкерлерге добуш берген. Жеңүүчүлөрдүн катарында «Жылдыз» балдар коомдук уюму республикалык биримдигинин президенти, «Урмат» орденинин кавалери жана «Алтын патент» ээси Елена Дмитриенко да бар. Ал Казакстандагы коомдук жумуштарга алгылыктуу салым кошуп келе жаткан жарандардын бири. Долбоор жеңичүүсү алгачкы сезондун жыйынтыгы боюнча  49-орунду ээлеген. Анын айтымында, бул долбоор жигердүү жаштар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

ЕЛЕНА ДМИТРИЕНКО, «ЖЫЛДЫЗ» БАЛДАР КООМДУК УЮМУ РЕСПУБЛИКАЛЫК БИРИМДИГИНИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев ушул долбоордун жеңүүчүлөрү менен жолукканда, «100 жаңы ысымдын» катарында жаштардын көптүгүнө таң калгам. Түрдүү тармактардын тизгинин колго алган улан-кыздардын арасында хирургдар, өнөр адамдары, инженерлер, мүмкүнчүлүктөрү чектелген, бирок, өз өмүрүнө зор ишеним менен караган адамдар да болгон. Ар бири ар кайсы тармактарда жүрүшсө да, бир адамдай өлкөнүн аброюн жогорулатып жүргөн кесипкөй адистер.

Елена Александровна Дмитриенко өмүрүнүн 40 жылын балдарды тарбиялоого жана аларды ар тараптуу өнүктүрүүгө арнаган. Бүгүнкү күндө аны бир гана Казакстандын эле эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөнүн педагогдору таанып билишет. Миңдеген тарбиялануучу ага ыраазычылыгын билдирип келишет. Айта кетсек, дал ошолор Елена Дмитриенконун талапкерлигин «Казакстандын 100 жаңы ысымы» республикалык сынагына сунуштаган. Эмгеги сиңгек педагог азыр да жаңы идея, пландарга бай. Албетте анын бардыгы өлкөнүн келечеги – казакстандыктардын жаңы мууну менен байланыштуу.

ЕЛЕНА ДМИТРИЕНКО, «ЖЫЛДЫЗ» БАЛДАР КООМДУК УЮМУ РЕСПУБЛИКАЛЫК БИРИМДИГИНИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бүгүнкү күндө мен «Руханий жаңыруу» программасынын балдарга арналган багытына жооптумун. Ушуга байланыштуу биз өлкөдөгү балдар кыймылын өнүктүрүү концепциясын даярдап жатабыз. Жумуш алкагында казакстандык жаштар менен өспүрүмдөрдүн заманбап талаптары жана өзгөчөлүктөрү эске алынды. Балдар – коомдун толук кандуу мүчөсү.

Ушул күндөрү Елена Дмитриенко жана «Жылдыз» республикалык кыймылы келе жаткан айда өтө турган консолидация форумуна даярданышууда. Педагогдун командасы Европа делегациясын тосуп алууга, аларга Казакстандагы профессионалдык жана мектепке чейинки билим берүү инновациялык программасын тааныштырууга даярдыктарды көрүп жатат.