«100 жаңы ысым» жалпы улуттук долбоорунун экинчи этабы башталды

«100 жаңы ысым» жалпы улуттук долбоорунун экинчи этабы башталды. Бүгүнкү күндө маалымат жана коммуникация министрлиги өтүнмөлөрдү кабыл алып жатат. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяк оонанын 20на чейин уланат. Уюштуруучулардын айтымында, талапкерлер адистик жаатында мыкты натыйжаларга жеткен жана жогорку жеке касиеттерге ээ болууга тийиш. Ал эми тандоочу топ өтүнмөлөрдү иргеп, кезектеги талапкерлер тизмесин жарыялайт. Казакстандыктар аяк оонанын жыйырмасы менен тогуздун айынын ону аралыгында көрүнүктүү жарандарды добуш берүү аркылуу аныктайт. Ошондой эле жарандар el.kz порталында  да өз добуштарын бере алышат.

АСХАТ ОРАЛОВ, КР КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАШТАР САЯСАТЫ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Бизге өз заманыбыздын баатырлары керек. Алардын ойлоп табууларын жайылтуу аркылуу айырыкча жаштарга өзүн-өзү таануусуна мүмкүнчүлүк беребиз. «Руханий жаңыруу» дегенибиз - бул билим алуу, бир нече тилди билүү, өнүгүүгө умтулуу, светтик баалуулуктарды жайылтуу. Өсүп келе жаткан жаш урпак, жаштар жашоодон өз ордун таап, ошол аркылуу өзүн-өзү таанып-билүүсү крек. «100 жаңы ысым» долбоорунун биринчи мезгилине кирген катышуучулар калкка таанылды, бул алардын өмүрлөрүнө оң таасир берди.

Дагы бир өзгөчөлүк, «100 жаңы ысым» долбоорунун бул мезгилинде жаштарга басым жасалат. Ошол себептүү тармактык коомчулуктун, коомдук уюмдар жана биримдиктердин өкүлдөрүнө жеке жана кесиптик  өмүрүндө ийгиликке жеткен казакстандыктардын тизмелерин уюштуруу тууралуу сунуш берилүүдө.