Алгач жаңы үлгүдөгү латын ариби менен мектеп окуучулары сынактан өткөрүп, жазып көрүштү

Казак тилинин латын ариби алгач ирет сынактан өткөрүлдү. Алгач жаңы үлгүдөгү латын ариби менен мектеп окуучулары жазып көрүштү. Тест тапшырган 300 окуучу атайын даярдалган китепчеге «щ», «ц», «э», ичкертүү белгиси жана «ю» тамгаларында өз варианттарын жазышты. Адистер ушундай машыгуулар Казакстандын бардык аймактарында, биринчи окуучуларга, андан кийин улуу муун менен мамлекеттик кызматкерлерге өткөрүлөрүн билдиришти. Жаңы арипке өтүү боюнча былтыр кабыл алынган 4 жылдык программа бар. Ага ылайык, бардык окуу китептери мезгил-мезгили менен кайрадан басылып чыгат. 2020-жылдан баштап бардык мектептерде нөлүнчү класс окуу программасы кирет. Керектүү окуу-куралдары да даярдалган.

ҚУАТ БОРАШЕВ, КР МСМ ТИЛДЕРИН ӨНҮКТҮРҮҮ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Туура жазуу эрежелери боюнча жумуштун башталганына азыр 1 айдан ашуун убакыт өттү. Бизде атайын иш-план графиги бекитилген. Ал аяк оона айына чейин уланат. Азыркы тапта туура жазуу эрежелеринин 75 пайызы даярдалып бүттү. Биз ушуну менен кошо параллель уланган жазуу эрежесинин долбоорун сынактан катар өткөрүүнү пландап жатабыз.