Билимге болгон куштарлык, адамдарга жардам берүү. «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүсү Зарина Сауытбаеванын карманган урааны ушундай. Жаш окумуштуу-биомедик рак оорусу менен күрөшүү эл аралык уюмунун грант ээси. Ал дүйнөдөгү эң алдыңкы медицина мектептеринде таалим алып, азыр ушул багытта жигердүү иштеп келе жатат. Кооптуу шишикке каршы күрөштүн бардык ыкмаларын изилдеп, алган билимин иш жүзүндө колдонуу жана Назарбаев Университетинин жаш окумуштууларына билгендерин үйрөтүү үчүн Казакстанга кайтып келген.

ЗАРИНА САУЫТБАЕВА, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУТУУЧУСУ:

- Башында Швейцариянын Базель шаарында цитометр менен иштөөнү үйрөндүм. Ал жерде клеткалык биологияны изилдедим. Андан соң Бостондогу Гарвард медицина мектебинде имиджстримде иштедим. Кийин рак менен күрөшүү уюмунун стипендиясын жеңип, Гарвардга аттандым. Ал жакта мен 3 жолу болгом. Гарвардда чакан долбоор менен алектендик.

Назарбаев Университетинин окутуучусу Зарина Сауытбаева  менен окумуштуулар биргеликте жоон ичегинин кооптуу шишик аныктоо багытында иш алып барышат. Бул ушул илдеттин эң көп таралган түрү. Оору эртерээк аныкталса, андан айыгуу мүмкүнчүлүктөрү да жогору, дейт адис.

ЗАРИНА САУЫТБАЕВА, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУТУУЧУСУ:

- Азыр биз ичегинин кооптуу шишигине кабылган бейтаптарды байкап, изилдөө жүргүзүп жатабыз. Биз аларды мүмкүнчүлүгү зор биомаркерлер катары пайдалангыбыз келет. Кооптуу шишикти эрте аныктоо оорунун өрчүп кетишин жана шишиктин тароо деңгээлин басаңдатат. Ошондой эле, бул бизге терапиянын канчалык оң таасир тийгизип жатканын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк  берет. Бул ыкма мурда колдонулган эмес, бирок келечекте пайдасы тиери шексиз.

Казакстанда илим өнүгүүдө. Зарина Сауытбаева ааламдык илимий изилдөөлөрдүн башында турат. Ал ХХІ кылымдын кооптуу илдетин жеңүү үчүн билим, ишеним жана алдыңкы технологиялар керек деп эсептейт.



Комментарии