Казакстанда стартап долбоорлорду ишке ашырууга көп көңүл бөлүнүүдө. Инновациялык долбоорлорду колдоо  мамлекет башчысынын «Улут мерчеми» алкагында  аткарылып  келет. Эми Казакстан фонд биржасы стартап долбоорлору үчүн жеке аянтын ачып жатат. Инновация тармагында иштей турган ишкерлер келечектүү инвесторлор менен онлайн режиминде жолуга алышат. «KASE стартап» платформасынын ишине жеке инвесторлордун жана түз инвестициялык фонддордун катышуу мүмкүнчүлүгү караштырылган. Бул компаниялар бизнестеги жетишкендиктерин далилдеп, казакстандык фонд биржасынын талаптарын канааттандырып жатат. Аны менен катар, алар ири бизнес өкүлдөрүнүн кызыгуусун арттыруу үчүн өздөрүнүн IT-долбоорлорун жана каржылык технологияларын сунуштоого даяр.

ЕВГЕНИЙ МУХАМЕДЖАНОВ, КАЗАКСТАН ФОНД БИРЖАСЫНЫН БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Байкап көрсөк бул долбоорго деген кызыгуу өтө жогору. Азыркы тапта 60 колдонуучу катталды. Алардын  элүүсү Startup компанияларынын өкүлдөрү, ону инвесторлор. Биз алгачкы  стартаптарды каттоого кириштик. азыр биздин аянтчаларга төрт долбоор кирди. Биз алардын деңгээлинин жогору экенин көрүп жатабыз. Стартаптарды каржылоого болжолдуу 80 млн теңге суралып жатат.

«Жибек жолу» программасынын алкагында казакстандык ойлоп табуучулар Кытайдын 17 ири компаниясына долбоорлорун тааныштырышты. Чет өлкөлүк бизнесмендерге «Инновациялық технологиялар паркынын» колдоосу менен курулган жаңы демилгелер сунушталды.

АСКАР СЕМБИН, «ИТП» АКФ БАШКЫ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Астанада текенин 2-3дө «Жибек Жолунун мегаполистери» атту форум өтөт. Бизди Кытайдын экологиялык стандарттар, туруктуулукту сактоо багытындагы  тажрыйбасы кызыктырат. Мисалы, аларда электромобилдерге өтүү, жашоочулардын  жашоо шартын жакшыртуу боюнча мыкты программалары бар. Бизди негизинен унаа тыгындарынан арылуу, имараттардын курулуш мезгилин кыскартуу сыяктуу маселелердин кандай чечилиши кызыктырат. Кытайдын бул тармактарда мамлекеттик программалары көп.

IT-стартаптарга колдоо аймактарда да жүргүзүлүүдө. Мисалы, Петропавловскийде «Start-Up борбору» жаштарга жаңы долбоорлорду ишке ашырууга зор мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. Ойлоп табуучулар робот техникасы ресурстук  борборунда керектүү акысыз кеңештерди ала алышат. Маалыматтык системаларды өнүктүрүү менен алектенген компания өкүлдөрүнүн айтымында, бүгүнкү күндө Казакстанда IT-адистер жетишпейт. Мындай борборлорду түзүү ушундай маанилүү маселелерди чечип, аны менен катар, инновациялык долбоорлордун санын көбөйтөт.

АНТОН ЮСИЧЕВ, ІТ-АДИСИ:

- Биздин  облуста ІТ адистер абадай керек. Азыр Казакстанда санариптештирүү жүрүп жатканын эске алсак, бул өтө өзөктүү маселе. Бизге көбүнчө чет өлкөдө же Казакстандын башка аймагында даярдалган долбоорлор келет. Алар биз үчүн кымбат. Ошондуктан, биз өз аймагыбызга, мекемелерибизге жеткиликтүү долбоорлорду ойлоп-таап сунуштагыбыз келет.

Эскерте кетсек, Startup Kazakhstan программасынын алкагында жергиликтүү жана КМШ өлкөлөрүнөн 50гө жакын инновациялык стартап тандалып алынды. Алардын ар бирине каржы бөлүндү. Бардыгы 2020-жылы 500 инновациялык стартап долбоору каржыланат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии